www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

               27

Парабек деген депутат

Талаадан соккон бороондой.

Басып барат ар кимге

Папкасын кармап сороңдой.

Бербесең эгер акча дейт,

Иш болот анда башка дейт.

Эшикти жапса киргизбей

Сениби эми шашпа дейт.

Параны берсе күлтүңдөйт,

Параны эгер бербесе,

Анда эч бир иш бүтпөйт.

                     28

Элбузар  деген депутат

Убал –сооптон коркпогон.

Ойлоп дайым жаманды

Оозуна келсе оттогон.

Баатыр деп жүрсөк Манасты

Бандит деп барып токтогон.

Кол тийбес анда мандат бар

Сотторду дагы тоотпогон.

Тазаланса парламент

Тартипсиз мындай «боткодон».

 

              29

Күкүкбек деген депутат,

Мыйзамды уруп ойнобойт.

Желмогуз тиштеп алгансып

Үйүнө эч бир жолобойт.

Аялын  аял санабайт

Балдарын болсо карабайт.

Хансарай салат келишкен

Балдары турса кейишкен.

Чекеден чертип сулууну

Бейиштен издейт бейиштен.

 Көп деле узак жашабайт,

Көңүлү андан калган соң

Көчүккө тээп тазалайт.

              30            

Көлүкбек деген депутат

Көп мактап,бирок аз иштеп

Көпчүлүк чоңго жагыптыр,

Көөдөнүн анын толтуруп
Көп орден ага тагыптыр.

Көрдүңбү орден менде деп

Көбүнүн мээсин чагыптыр.

Көтөрө албай орденин,

Көтөрүм болуп калыптыр.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости