www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жай мезгилинде студенттер менен мектеп окуучулары эс алууга чыкканда, айрымдары кошумча киреше табуу үчүн иштеп башташат. Ушундай эле эмгек жолу көптөгөн саясатчылардын жашоосунда да бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу “Кактус” жазды. 

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы бир катар мамлекеттик жетекчилердин алгачкы иштери ар түрдүү тармактарда башталган. Мисалы, президент Садыр Жапаровдун биринчи расмий иши катары Иссык-Көл облусундагы “Санташ” колхозун жетектегени көрсөтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эмгек жолун Экономика институтунда кичи илимий кызматкер катары баштаган. Ал эми биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев Каржы министрлигинде стажёр болгон.

Айрым министрлердин эмгек жолу айыл чарба жана кол эмгеги менен байланышкан.

Мисалы, Финансы министри Руслан Сүйүналиев: “Мен 7-класста эле кой кыркуудан биринчи акча тапкам. 30 миңдей меринос кой бар эле”, - деп эскерет.

Ал эми Курулуш министри Нурдан Орунтаев:“ 8-класста эле кыш коюучу болуп иштегем. Атама карап ушул тармакка аралашкам”, - деген.

Жаш кезинде соода менен алектенгендер да бар. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев биринчи акчасын сагыз жана попкорн сатуу аркылуу тапканын айткан: “Turbo сагызын сатып баштагам, кийин ЦУМда попкорн саттым”, - дейт ал.

Юстиция министри Аяз Баетов болсо эмгек жолун стажёрлуктан баштап, кийин 10 жыл мугалимдик кылган.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн биринчи акчасын 7-класста кой кыркуу менен тапканын айтты.

Последние новости