www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууга чакырышууда. Алар биринчи кезекте Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга тандаган талапкерлерди бекитпөөнү президенттен талап кылышууда. Мунун себебин акциянын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартова мындайча түшүндүрдү:

- Жогорку сотко тандалып жаткан алты талапкерди жана Конституциялык палатага тандалып жаткан талапкерлердин буга чейин кандай иштерди караганы, кандай чечимдерди чыгарганы боюнча досье чогултуп келдик. Булар саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган. Ошондуктан биз биринчи кезекте буларды бекитпегиле деген талап коюп жатабыз. Президенттин буга карата чечиминен ал коррупцияга каршы чындап күрөшөбү же саясий буюртма аткаргандардын кызмат ордун жогорулатабы, баары билинип калат.

Акцияга чыккандар мындан башка да талаптарды коюшууда. Алар ар кандай чакырыктар жазылган бир нече плакаттарды кармап турушат. Уюштуруучулардын билдиришинче, митинг өтөрү тууралуу мэрияга кабар берилип, макулдашылган.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына "Биз коррупциядан тажадык" деген ураан менен чыгышат.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, сотторду тандоо кеңеши бул алты талапкердин тизмеси 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат деп билдирет Аzattyk үналгысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости