www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз чачыраганы өкмөттүн ишин таштап, бизнес жакка өтүп кеткем. Ошондо көпчүлүк сыяктуу алгачкы бизнес иштерин жасагандардын бири болчумун. Мендей болуп ошол кезде жаңы башталып келаткан бизнеске баш оту менен киришкендер дээрлик көпчүлүгү азыр буттарына туруп кетишти.

Албетте банкрот болгондор деле болду дечү, бирок андайлар аз санда. Мен деле убагында бутума жакшы туруп келаткам. Эки кабат үй салганга жетиштим, чет элдик машина алдым, үйдү оокатка толтурдум. Анан эле... Көп өтпөй эле ишим тетирилей баштады. Орусияга алып барган товарларым өтпөй банкрот болуп запастагы акчамдын баары кетти, андан сырткары машинамды да сатууга туура келди. Ошондон баштап эмнегедир ишим жүрүшпөй баштады. Үйүмдөгү баалуу буюмдардын дээрлик көпчүлүгүн сатууга туура келди. Акырындап отуруп эмнегедир белчемден карызга батып, мүңкүрөй түштүм.

Мага жалпактап салам берчү кээ бир кошуналарым көчөдөн келатсам көрмөксөн болуп тетири карап басып кетишчү болушту. Баягы досторумдун бири да жок. Буга кошул-ташыл өчөшкөндөй сол жак бутум да бастырбай кыйнап оорута баштады. Орусияда элүү градус суукта соода кылып жүргөндө буттарыма суук тийгизип алсам керек. Доктурга барбаган, көрүнбөгөн жерим калган жок, ар кандай диагноз чыгарып ар кандай дарыларды жазып беришет. Эч жыйынтык чыкпады.

Ошондой күндөрдүн биринде Жумгал районуна күзгө маал ашка бардым, эжелеримдин кайындарына. Ошол жактан жашы элүүлөрдөн өтүп калган аябай эле жупуну кийимчен бейтааныш кишинин жанына отуруп калдым. Ал менин аксап жүргөнүмдү жанатан бери байкап отуруптур.

-Бутуңдун ооруганына жарым жылдай болуп калса керек иним? Ооба, суукка урунган эмес, көз тийген менен көралбастыктьш кесепетинен ушундай болуптур. Жөнөкөй эле айылдык карапайым кишинин бул сөзүнө анча маани да берген жокмун. Аш аяктап элдин баары тарап кете баштаганда биз да Бишкекке кетүүгө кам ура баштадык. Күтүлбөгөн жерден ал алдыман пайда болду.

-Иним сенин бутуң ооруп жүрүптүр, эгер мүмкүнчүлүгүң болсо анча-мынча убакыт бөл, Мен бутуңду сакайтып берейин, көп нерсеге көзүм жетип турат. Калаага кеткенге шашылып турганда кедергикыл ып атканын жиним келди. Акча үмүтөтүп атат го деп ойлоп, акча берип жолума түшмөй болдум. Менин оюмду түшүнгөндөй көзүмө тике карады.

-Мага акчаңдын кереги жок, эгер шашылып, көңүлүң келбей атса кете бер. Бирок эсиңде болсун бул күчөп, ашынып кетсе өзүңе жаман. Бирок жак аптаң иштебей калышы мүмкүн. "Болуптур көрсө көрөйүнчү", -деп анын артынан ээрчидим.

Үйгө кирээрибиз менен ал эшигинин ичинен илип алды. "Бутуңду чеч", - деди, анча жактырбай анын айтканын жасадым. Багалегимди тиземден өйдө түрүп, ары-бери сыдырып, өзүнчө күбүрөнө бир нерсе окуй баштады. Бир кезде айланам тумандап барып калаадагы өзүмдүн эки кабат үйүм көзүмө көрүнө баштады.

Короонун ордуна үйүмдү капкара таштар курчап алыптыр. Аны көрүп алып эле эмнегедир ыйлагым келип ыйлай баштадым. Көзүмдөн жаш мөлт-мөлт этип ыйлай бердим. Бир кезде ошол кара таштар бирден өзүнөн өзү жок болуп, кетип атты.

Акырындап отуруп таштардын баары жок болуп үйдүн айланасында эч нерсе калбай калганда тигил бир нерсе деп кобурап, тизеге катуу чапканда эсиме келдим. Ал киши көл-шал болуп тердеп кетиптир. Кадимки суунун сыгып аткансып эки колу менен тиземден ылдый сыдырып, бир нерселерди ыргытып атты. Бир кезде колун ары-бери силкип адды дагы мага карады.

-Көзүңө үйдү курчап турган кара таштар көрундүбү?

-Ооба, -мен кайдыгер жооп бердим.

-Кошуналарың сенин ишиңдин жүрүп атканын көрө алышпай ичтери тарып, жаман ойлошуп, көз артышып, жаман таасир калтыра берген. Ошолордун кесепетинен үйүңдүн айланасында кара таштар көбөйүп кетиптир. Анын эпкини сага тийиптир, ошо себептен бутуң ооруп жаткан. Эми Кудай буюрса ишиң алга жүрүшөт, буттарың да оорубай жакшы басып каласың...

Мен ага ишенбейин дедим эле чын эле көзүмө үйдү курчап турган кара таштар көрүнүп кадимкидей озондоп ыйлабадымбы. Акча берейин деп келатсам, ко-лумду кармап калды.

-Мага эч нерсенин кереги жок, бутуң айыгып кетсе эле болду. Эми сенин жабышкактарыңдьш баарын үйдөн чыгарып тазалашым керек - ал мени узатып койду. Ага мен жок дегенде рахмат да айтпай калыптырмын. Калаага келгендин эртеси күнү эле куландан соо болуп басып калбадымбы.

Ишим жүрүшүп, жөө жүрбөй кайрадан жигули сатып алып айдап калдым. Акырындап карыздарымдын баарынан кутулуп, үйгө киреше киргизе баштадым. Баягы тетири карап кетчү кошуналарым кайрадан салам бере башташты, кол үзүп кетишкен достор кайрадан пайда болду. Ошол кишинин атын да сурабай калыптырмын.

Бир күнү белек-бечкектерди алыбалып ошол бейтааныш, сырдуу кишиге атайын ыраазычылыгымды билдирип барып келбесемби деп жүрөм.

Алымбек Карасартов  Бишкек Шаары

Булак: "Шамбала"

Последние новости