www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. Ак калпак - кыргыздын  ыйык, улуттук баш кийими. Ак калпак Ала-Тоонун касиетине шайкеш келет. Жарашыктуу жана салабаттуу баш кийим. Ак калпак кийип жүргөн адам салабаттуу көрүнөт. Мен калпакты бала кезимден башымдан түшүрбөйм. Сыртка чыкканда көбүнчө баш кийимдердин ичинен калпакты көбүрөөк тандайм.

2. Калпак жөнүндө мыйзам кабыл алуунун кажети жок. Анткени калпак биздин каныбызга, жаныбызга сиңген ыйык касиет болушу керек. Мисалы ата-эне, кудай, ыйман деген мыйзам болбойт да. Ошондой эле калпакты ар бир кыргыз жеке аң сезиминин деңгээлинде ыйык тутушу керек.

З. Жогоруда айткандай, бул ар бир адамдын абийириндеги нерсе болот. Мисалы карыган ата-энени карылар үйүнө өткөрбөгүлө деген мыйзам жок, болгону ар-намыс, акыл менен ченелүүчү нерселер бар. Ак калпак деле ошондой. Итке кийгизбеш керек же мындай колдонуш керек деген мыйзам болгон күндө деле абийири жоктор аны кыла берет. Ууру кылбаш керек деп тыйган сайын уурулар көбөйүп жатат дегендей кеп.

Булак: "Фабула"

Последние новости