www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы элдин талкуусуна 5-мартта Жогорку соттун алдында боло турган митинг боюнча маселе койгум келди. Азыр ар кыл ой-пикирлер айтылып жатат. Бири митинги жок эле тынч жашайлы бизге тынчтык керек дешсе, бири митинг керек, сотторду тазалашыбыз керек, коррупционерлерден арылышыбыз керек дешет. Мен бизге тынчтык керек дегендерге айтаар элем. Ооба, тынчтык баарыбызга керек. А бирок тынчтык керек деп жата берсек соттор күнөөсүз жарандарыбызды соттоп жатышпайбы. Эртең ошол эле жарандарыбыздын ордунда өзүң болуп калбайсын деп ким кепилдик берет? Эч ким туурабы? 
Бийлик башына келген ар-бир президент кытайларга кен-байлыгыңды, жерлериңди ит бекерге берип жиберип жатса, кредиттерди олчойто алышып, ал акчаларды беш алты киши жол оңдодум, ТЭЦ оңдодум деген шылтоо менен уурдап чыгып кетип жатышса кантип тынч олтурасың тууганым? Ал акчаларды төлөгөнгө келгенде мурдагы президенттер төлөбөйт да. сен төлөйсүң туурабы? же калппы? төлөй албасаң жерлериңди алат, мисалы кытай нарынды же Ысык-Көлдү алат.

Мына Таджикистан кытайга карызы үчүн Тоолуу Бадахшанын өткөрүп берип кутулду. Эмне деген жерлери, байлыктары кетти. Митинг кереги жок деген туугандарга айтаарым, мисалы үйүңдү күрөөгө коюп, кредит алсаң, анан аны төлөй албай калсаң, үйүңдү банк алып коебу же башыңдан сылап эркелктип кечип коебу? Албетте үйүңдү тартып алат. Мына ушул сыяктуу эртең жериңди, мамлекетиңди тартып алганда анан сага тынчтык болобу? Ошону ойлонгонго мээңер жетпей жатабы. Качан гана өз өлкөң үчүн, өз жашооңдун оңолушу үчүн күрөшүп, митинг аркылуу бийликтин көзүн чукуп турсаңар анан бийлик сестенет. Болбосо Атамбаевдер окшоп, "Кыргызгазды" 1 долларга саткандай сатып салып басып кете беришет, туурабы туугандар? Ошол үчүн азыр митингдер аркылуу гана талаптарды коюп, өз маселебизди өзүбүз чечпесек, бийликте олтургандарга баары бир болуп калды. Талап-тоноп жеп алып баса бергенди адат кылып алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости