www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1.Дүйнөдө жалгыз кыргызга таандык улуу дөөлөтүбүз, мурасыбыз жана улуттук баалуулугубуздун бири ак калпак болуп эсептелинет. Мен калпаксыз жүргөн күнүмдү элестете албайм. Сыртка чыгаарым менен башыма калпак кием. Башымдан калпак түшүрбөй кийип жүргөнүмө 8жыл болду.

2. «Асманда жылт эткенди жылдыз деп бил, ак калпак көрсөң кыргыз деп бил» дегендей, калпакты барктабастан итке кийгизип, анысын жүгөндөп эл алдына жетелеп чыгуу бул жалпы кыргыз улутун мазактоо жана шылдыңдоо деп билемин. Эсиңерде болсо мындан 2-3 жыл мурун коңшу Өзбекстан мамлекетинде эшекке улуттук допуну кийгизип коомго таратып жиберген адамды мамлекеттен кубалап жиберишкен. Айтаарым, жанагы итине калпакты кийгизген жана ошого жол берген иш - чаранын уюштуруучуларына укуктук баа берилип, жоопко тартылышы керек.

З. Тилекке каршы, ак калпак жөнүндө бизде тийиштүү мыйзам кабыл алынган эмес. Башкача айтканда, калпак кандай, кантип жана кайсы жерлерге кийилиши шарт жана калпакка болгон жарандардын жоопкерчилиги, даңазалоо милдети каралган. Эгерде коюлган шарттар аткарылбаса же бузулса кандай жоопко тартылаары көрсөтүлгөн мыйзамдын жоктугу өкүндүрөт. Демек, парламент менен өкмөттүн бул жаатта ойлонуусу шарт.

Айтаарым, айтор ак калпакты элдин көбү жамандыкка кийип, айрымдары мончого колдоно баштаган учурда калпактын чыныгы маңызын, касиетин, анын тарыхын жана келечегин бекемдеген демилгелер катардагы жарандар тарабынан сунушталып, мамлекет тарабынан «Ак калпак күнү» расмий белгиленип келе жатканына аз гана жыл болду. 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жаштардын калпак кийгени көбөйүп, кубантып келатты эле. «Бир карын майды, бир кумалак чиритет» болуп, бир иш-чара менен намыссыз, жаман жорук орун алганы өкүндүрөт. Элестетип көргүлөчү, Түркия мамлекетиндеги соода борборунда итке түрктүн улуттук баш кийимин кийгизген учур катталса эмне болот? Алардын мыйзамына ылайык, алгач кыргыз ишкерлер же соода борборунун ээси жана уюштуруучулар дароо катаал жоопко тартылып, мамлекеттен сыртка чыгарылат. Ал эми «Бишкек Парк» соода борборунун жетекчилери түрк жарандары экенин билебиз. Мына ошол ишкерлер көзөмөлдөп, көңүл буруш керек эле.

Чуулгандуу маселе чыккандан тарта бүгүнкү күнгө чейин коомчулукта ар кандай пикирлер болгонуна байланыштуу, өзүмдүн так туурумду (позициямды) билгизип, калпакка тийиштүү пикиримди замандын улуу акыны Шайлообек Дүйшеев агабыздын сөздөрү менен бүтүргүм келет.

«Кыргызмын» дейсиц мага,

Кыйшактап бийлеп туруп.

«Кыргызмын» дейсиц мага,

Тамекинин түтүнүн үйлөп туруп,

«Кыргызмын» дейсиң мага,

Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,

Кылым кезген тарыхын унуткандар.

Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,

Каада-салтын калкынын унуткандар!

Булак: "Фабула"

Последние новости