www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Рыскелди Чыныбекович, ооруп ооруканада жатканыңызды уктук, жак-шы элесизби?

Быйыл ит жылы эмеспи. Башталганы иттерге бай болуп чыктым. Фарингит, ларингит, гайморит, гастрит, панкреатит, холецистит, айтор оорунун баары ит менен бүтөт эмеспи. Оболу ошондой иттерден он чакты чыкты. Азыр арсылдаган канчыктар менен кармашып, дөбөттөр менен арбашып жаткан убагым.

- Жаман кабарыңыз бар экен, жакшы болуп кетиңиз.

- Рахмат. Итти ит кабат демекчи, "аппетит" деген овчарка алдым эле, азыр айлантып кубалап жүрөт айласын кетирип.

- Тамашалап так айттыңыз, Көптөн бери көрүнбөй кеткениңиз себеп болдубу же акыркы аткаруу, сот бийликтерине айткан ачуу сындарыңыз себеп болдубу, айтор сизди мурдагы президент Атамбаевден азыркы ажобуз Жээнбековго өтүп кетиптир деген  ушактар чыгып кетти. Буга эмне дээр элециз?

- Алсыздык, анан калса акылсыздык менен айтылган арамзаа ушак. Бул биринчиден. Экинчиден, экс-президент менен эмки президенттин эки ача саясат жүргүзүп же эки башка багыт менен кеткенин алар укпаса, мен уга элекмин. Шаршенович да, Шарипович да бир атанын, тактап айтканда бир партиянын, бир команданын балдары болгондуктан, аларды "ажырашты" кылгандар оболу ошондойду каалашкан "оорук-чандар". Мени өтүп кетиптир дегендерге айта баргыла, адамдан адамга өткүдөй мен жугуштуу оору эмесмин.

- Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун күтүүсүз отставкага кетиши, экс менен жаңынын эки ача кетишин билдирбейби?

- Фарид Ниязов кызматынан кетсе эле, эки президент эки тарапка кетти деген корутунду бул корутунду эмес, кошунду. Фарид Абилезимович башында эле бул кызматтан баш тартса болмок, азыркыдай кырдаал жаралмак эмес. Анткени ал киши отурганда эле оор отурган. Жаңы президенттин жаңы аппараты болмоюнча иш алдыга жылбайт. Анткени жаңылар эскини жактырбайт, эскилер жаңыга батынбайт да. Мен экөөсүнүн тең мүнөздөрүн жакшы билем, алардин биргелешкен ишмерликтери илгерилемек эмес. Бирок бул жерден Фарид Абилезимович туура чечим кабыл алды. Арызын жазып кетти, акырын басып кетти. Эми Сооронбай Шариповичтин жоопкерчилиги жогору болот.

- Сооронбай Шариповичтин ал кишин арызын кабыл албай койгону, азыр актуалдуу темага айланды. Айрым серепчилер айтып жатышат, бул атайылап жасалган саясий акция, артында чоң оюн бар Фарид эс алып кайра келет. Болгону айрым саясатчылардын алдыдагы жүрүштөрүн аныкташ үчүн жасалган деп. Буга кандай карайсыз?

- Кыргызстанда кайсы серепчинин айткан анализи ар дайым болбосо да, андасанда так чыкканын айткылачы... Барбы ошондой адам..? Жок! Андыктан эч кандай эксперимент жок бул жерде. Менин жеке пикиримде, Фарид Абилезимович кайра ордуна келбейт. Бүттү. Сооронбай Шарипович, жаңы аппарат башчысын дайындайт. "Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат" деген ушу. Башында эле ушуңдай болуш керек болчу негизи. Маркасы "Жигулиники", мотору "Москвичтики" дегенге

эч ким ишенмек эмес.

- Мындан кийин кандай тирешүүлөр болушу мүмкүн?

Ким менен кимдин ортосунда?

- Маселен, Атамбаев менен Жээнбековдун, Жээнбеков менен Исаковдун, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда.

- Азырынчэ эки президенттин ортосунда эч кандай тирешүү болбойт. Алмаз Шаршенович партиянын курул-тайынан кийин эски аппараты менен, партиялык иштер менен алектенсе керек. Өлкө башчы менен өкмөт башчынын ортосунда кадрдык жүрүштөр боюнча кайчы пикирлер болушу мүмкүн, бирок ал жалпы багытка таасир этпейт. Жаңы баш мыйзам бардыгын иретке салып койгон, болгону ошого жакшы көнө албай жатабыз.

- Парламент менен өкмөттүн ортосунда тирешүү болуп, Сапар Жумакадыровичтин өкмөтү отставкага кетет дегенге кандай карайсыз?

- Жаздан чыккан өкмөт саздан чыгат демекчи, азыркы өкмөт жаздан чыгат. 2017-жылдын отчетун кабыл алууда кандайдыр бир кармашуулар болот дегенге мен ишенбейм. Анткени өткөн жылдын 3 кварталына Сооронбай Шарипович жооп берсе, болгону 1 кварталына Сапар Жумакадырович жооп берет да. Жылдын жыйынтыгы жакшы чыккандан кийин, чыр чыгарганга шылтоону кайдан тапмак элек.

- Парламент тарайт дегенге эмне дейсиз?

- Мен мындай жооп берейинчи, таз чачын качан тараса, парламент ошондо тарайт. Парламент келгенден бери эле тарайт деген сөз ээрчип келе жатат. Кана тараганыбыз? Президент парламентти тарата албайт, а өкмөт парламентке өчөшө албайт. Тескерисинче ЖК өлкө башчынын да, өкмөт башчынын да мөөнөтүн токтотуп коё алат. Анткени укугубуз да бар, укуругубузда бар. Азыр парламентте күч көп. Көмүскө оюндун баары көпчүлүк коалициясынын көшөгөсү артында болот. Көрөсүңөр.

- Рахмат маегиңизге, сакайып кетиңиз.

Булак: "Фабула"

Последние новости