www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак күнүнө арналган масштабдуу жөө жүрүш уюштурулду. Шаардын батыш тарабынан борбордук Ленин көчөсү аркылуу миңге чукул ак  калпакчан, ак жоолукчан адам, ал эми областтык оорукана жактан Пушкин көчөсү аркылуу шаар борборуна дал ушундай эле формадагы миңге чукул адам мамлекеттик тууну көтөрүп, жүрүш жасашты.

Жөө жүрүшкө шаардагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери, шаар тургундары катышышты. Жөө жүрүш учурунда Мекенди, тууну, ак калпакты даңазалаган ураандар айтылып, катышуучулар тарабынан сүрөөнгө алынды.

Эки жактан келген жөө жүрүшчүлөр борбордук аянтка чогулушуп, ал жерде расмий майрамдык салтанат өттү. Чогулгандарды Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев жана башкалар куттукташып, Кыргызстандын мамлекеттик желегинин жана улуттук ак калпактын мааниси тууралуу кеп салышты.

Аскер бөлүгүнүн жоокерлери мамлекеттик тууну салтанаттуу алып келишип, ал 27 метрлик асабага көтөрүлдү жана айдарым желге желбиреди.

Жергиликтүү өнөрпөздөрдүн күчү менен уюштурулган кеңири программадагы концерт берилип, шаардыктарга эстетикалык рахат тартууланды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 2012-жылы мамлекеттик туунун 20 жылдыгын белгилөө учурунда биринчи жолу борбордук аянтта тургузулган 27 метрлик асабага мамлекеттик туу көтөрүлгөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости