www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жолдошалиев Мидин Турдумаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg