www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тез жет" жеке менчик авиакомпаниясына таандык учактын Баткенге жетпей авариялык абалда Бишкекке конушун иликтөөчү комиссия түзүлдү. 90 жүргүнчү жана 4 экипаждын мүчөсү бар, “Тез жет” авиакомпаниясынын учагы 1-мартта Бишкектен Баткенди көздөй багыт алган. Бирок бир кыймылдаткычы иштен чыгып, жарым жолго жетпей, кайра артка кайтууга мажбур болгон. Бактыга жараша жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен. Алардын теңинен көбү дароо башка каттамга которулуп, көздөгөн жерине өз мезгилинде жеткирилген. Жарандык авиация агенттиги окуяны иликтеш үчүн комиссия түздү. Акыркы кездерде Кыргызстандагы учактардын баары көп жылдардан бери кызмат өтөп, эскилиги жеткен деп айтылып келет. Бирок адистер белгилешкендей, учактар эски, жаңы деп бөлүштүрүлбөйт. Жалпысынан учак учууга жарамдуу же жараксыз болуп бөлүнөт. Учурда Кыргызстанда 4 авиакомпания бар болсо, анын ар биринде учактардын техникалык абалын текшере турган атайын базалары бар. Алардын бардыгы жарандык авиация агенттиги тарабынан атайын бекитилген эрежелери боюнча иш алып барышат. Техникалык кароону өткөрө турган адистер дагы, атайын окуудан өткөн, тастыктамасы бар. Жарандык авиация 2020-жылга карата өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыккан. Анда компаниялардын тизмесин кыйла кыскартып, коопсуздук талаптарын күчөтүү каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости