www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошуңуз үйгө шашсын десеңиз...

       Эркекти үйгө ашыктыра турган албетте, үй-бүлөнүн жылуулугу. Сүйгөн жарынын ачык кабагы.Уйдөн чыгаарда аманчылык тилеп, жубайынын узата тиктеп турган жагымдуу көздөрү. Бул жолдошуңуз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Келиниздер анда эркектерди үйгө ашыктыра турган 6 амал менен тааныштырып өтөлү:

 1.Жолдошуңуз келгенче үйдүн ичин тазалап, буюмдарды ирээтке келтирип өз ордуларына коюп, тыкан жайгаштырыңыз. Бул үйдүн ичине кирген адамдын көзүнө чалдыгуучу эң башкы нерсе болуп саналат.Жана да үйүңүздүн ичи жагымдуу жыттанып турсун.

2. Босогодон аттаганда эле күйөөңүздүн кабак- кашын карап коюңуз. Жылмайып карап, алгач учурашыңыз. Отурган кезде андан биринчи сөз баштап, ар нерсени сүйлөй бербеңиз. Сиздин кантип күндү өткөргөнүнүздү угуу дайыма эле маанайга туура келе бербейт.

3. Үйдү отурган аял болсуңуз , келбетинизге сөзсүз көңүл буруп коюңуз. Жолкоолукка моюн сунуп,убакыт жок дебеңиз. Баардыгына жетишсеңиз болот. Анткени сиз аялсыз! Сулуулугуңуз өз колуңузда! Жагымдуу болуп турсаңыз жолдошуңуздун чарчап турган абалын да басып, маанайын көтөргөн болосуз.

4. Курсагы ток, көнүлү жай адам өз үйүнөн безе качпаарын эстен чыгарбаңыз. Таттууларды , шербетти даамын чыгара даярдап, тамакты түрлөп жасаңыз. Билбейм деп айтпаңыз, ар кайсы гезит-журналды карап, интернетти чукулай койсоңуз эле тамактын жеңилин да, татаалын да үйрөнүп алсаңыз болот.

5. Албетте, ар бир эркек тынчтыкты сүйөт. Жумуштан чарчаган ар бир эркек, эртерээк үйгө барып, жубайымдын даамдуу тамагын жеп алып, сыналгынын алдында эс алып отурсам деп шашат. Андыктан балдарга эртерээк тамагын берип коюңуз.

6.Жумуштан ачууланып келген адам алдынан чыккан адамдан ачуусун чыгарып алышы мүмкүн. Эркек эле эмес, баарыбызда эле бул жагдай кезигет эмеспи. Мындай учурда, аял ачууланып эмес, эркелеп жеңет деген сөздү эстеп коюңуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости