www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйгө кайтсаң, жубайыңа чаласың,
Алын сурап, эркелетип баласын.
Чалбай калса кайра сурап өзүнөн,
"Айтчы жаным, эмне жейсиң, аласың",
Айткандарын түгөл таап чарчабай,
Каалаганын издесең да табасың.

Күндө ошол, көңүлүн таап аласын,
Көксөгөнүн тандап, талдап  тазасын.
"Өңүң эмне купкуу болот, жаным" деп,
Кээ бир күнү күйпөлөктөп каласың.
Үнүн укпай калганыңда тынч албай,
Саат сайын, чарчабастан чаласың.

Азаматсың, алганыңды  сыйлагын,
Өткөрө бер, турмушуңдун  ыргагын.
Сени күтүп, колуң карап жалынган,
Апакеңди алын сура, кыйбагын.
"Эмне алайын, эмне жейсиз апа " деп,
Сурап койгун, болсо эгер ыйманың.

Сурадыңбы " апа эмне жейсиң" - деп,
Түн уйкусун бөлдү эле убай жеп.
Өзү ачка калса дагы тапканын,
Сага берчү, таянаарым балам деп.
Таянычы болуп эми апаңдын,
Билдиң бекен, абалынан  убай жеп.

Билдиң бекен, апаң сенин сураарың,
Азап тартсаң сени жөлөп тураарың.
Өң  бозоруп,  көз тунарып карыгат
Билип койгун, бир күн тайып куураарын.
Жакшы сөзүң, өзөгүнө жан болот,
Сезсең болду, энелердин убалын.

Ашып кетсе, жарты алма араң жейт,
Ошону да "келсең балам, алсаң" дейт.
Тамагынан өтпөй ошол жарты алма,
Жалт - жалт карап жубайыңдан  убай жеп.
Бир кил нават алып келсең кокустан,
Бир жыл айтып, өмүр бергин кудай дейт.

Алма, өрүк, анар, таттуу - мөмөнү,
Алып келсең,  "балага тең бөлөлү".
Өзү жебейт, ооз тийип четинен,
"Кой, абышка, небереге берели".
Чалы экөө бөжүрөшүп бекитет,
Кечее өзүң алып келген мөмөнү.

Кайран эне, көздүн жашын шыпырып,
Көксөгөнүн айта албай кымтынып.
Амандыгын тилеп койуп балдарын,
Карап койот, көп нерсени умсунуп.
Айта албайт, колу кыска, тил кыска,
Болсунчу дейт, ар бир үйдө тынчылык.

Көзү барда, сыйлап алгын өкүнбөй,
Бир күн өлсө куру бекер өкүрбөй.
Тирүүсүндө, алын сура, чайың бер,
Колуң менен жүзүң жаап бекинбей.
Бүгүн сыйла, балким эртең кеч болот,
Таба албайсың, билип койгун бөркүңдөй.

Булак:NazarNews.kg

Автор: Кундузбү Маматова  Алимбековна
 

Последние новости