www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башка өлкөнүн качкындардын кабыл алуу, студенттерине билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү деген эл аралык нормаларды жакшы түшүнөбүз. Бирок, бул норма деле бардык өлкөлөргө бирдей тиешеси жок болуш керек? Мисалы: биздин өлкөдөй болуп көчүгү менен жер тиреп, отуз жылдан бери тике боло албай келген байкуш мамлекет үчүн качкындарды кабыл алуу деген сөз, жылкысына карап ышкыра албаган байкуштун кебетесин элестетет. Жок эле дегенде, элден мурда: "кокуй бизге келгиле" деп, өпкөбүздү колтуктап алып чуркабастан бир аз сабыр кылып, дүйнө жүзү эмне дейт экен деп күтүп турсак болбойбу? Өзүбүздүн миллиондогон жараандар сыртта мусапыр болуп жүрсө, ошолордун тагдырын ойлогондун ордуна, каяктагы кыргызга каны кошулбаган, 40 жылдан бери согушту башынан өткөрүп согушсуз жашай албай жаткан жапайыларды өлкөгө чакырып эмне кылышат дейм да?
Илгери журтту кургакчылык басып, эл ачарчылыкта калып аябай эле каатчылык басып турганда, бир адам өз үйүндө оозуна саларга күкүм наны жок ачка олтуруп: "Эх кокуй күн, куйрук-жалы жок эле кунан байкуш не болду, колу-буту жок эле жылан байкуш не болду" деп талаадагы кунан менен жыланга кайгырган экен.
Ошонун сыңарындай, эң оболу өз элинин бүтүндүгүн, тынчтыгын камсыздап, андан соң башкаларга жардам колун сунса куп жарашып калмак. Анын үстүнө, ошол кабыл алабыз деп жаткан качкындардын өлкөсүндө уккан адамдын үрөйүн учурган, аялдар менен балдардын укугун жер менен жексен кылып тебелеген, биздин жашообузга такыр туура келбеген мыйзамдар иштеп келет.
Дал ошол жапайы мыйзамдарды каалагандар, аялдар бетин көрсөтпөсүн, балдар беш жашынан намаз окусун, кыздар менен эркек балдар аралашпай өзүнчө билим алсын, 12 жаштан турмушка берсе болот дегендер өзүбүздө да жайнап басып жүрүшөт. Кыргыздардын өнөрү болбогон, ата-бабаларыбыз өмүрүндө угуп-көрбөгөн, өлгөн адамдын артынан "аллаху акбар" дешип, жоо басып келгендей жер жаңыртып кыйкыргандарды эмне кылабыз? Мыйзамды уруп ойнобой, мектеп жашындагы кыздарын ороп-чулгап мектеп эрежелерин бузгандарды, мектеп жашындагы балдарды динге аралаштырбаш керек деген законду тоотуп коюшпай, окуучу балдарын мечитке сүйрөгөндөрдү кантебиз? Аялы боюна бүтсө учетко тургузбаган, "эч ким сени көрбөш керек" дешип врачка көрсөтпөгөн, үйдө төрөйсүң деп аялды буюмдай көргөндөр арабызда толуп эле жатпайбы.
Нике болсо болду дешип ЗАГСтан өтпөй жүргөндөрдү кантебиз? Афганистандан жакындап келе жаткан жапайыларды өзүбүздүн чала молдо дин бузарлар энесин базардан күткөн баладай акшырайып күтүп жатышканына шегим жок.
Качкындар менен кимдер келет деген ой бир аз мээңерди оорутса жакшы болот эле. Сыныктан башканын баары жугат. "Тем более" биз кыргыздар башка улуттун жакшы жагын көрбөй, жалаң жаман жагын жуктуруп, үйрөнүп, кайталап, а түгүл өз адатыбыз кылып алмай өнөрүбүз бар элбиз.
Армиясы күчтүү бутуна туруп алган бай өлкөлөр качкындарды кабыл алса жарашат. Себеби, келген качкындарды көзөмөл кыла алышат. А бизчи, өзүбүздүн бейбаштарды тыя албай эсибиз ооп жатат. Күндө митинг, күндө тополоң.
Европа өлкөлөрүнө Сириядан барышкан качкындардын "бизге аял керек" дешип чаң тополоң салышканын, европалыктар өспүрүм окуучу кыздарды коштоочусу жок үйлөрүнөн чыгарбай калышкандарын да билип коюшса жакшы болмок, качкындар келсе БУУ акча бөлөт деп кыска ойлонбой. Ошол арам акчанын зыяны гана тиет. Ойлонуп иш кылгылачы бай болгурлар!
Шамурза Бөрукулов, Россия
Булак: NazarNews.kg