www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Афганистанда башын калкалап качкандар аялдар түгүл ымыркай балдарды талаага таштаганы бүткүл энелердин жүрөгүн сыздатты", - деди бүгүн, 19-августта NazarNews маалымат агенттигине "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

--"Афганистандагы соңку окуялар буга чейин айныксыз деп саналып келген көп нерселердин бетин ачты.

Мисалы, аялдардын жоолук салынып, ал түгүл баштан аяк оронуп, диний талаптарды кынтыксыз аткарып жүргөнү аларды баары бир зөөкүрлүк менен зомбулуктан коргоп кала албайт экен.

Калк башына калайман түшкөн учурда адаттагыдай эле кыз-келиндер кордолуп, аялдар кароосуз, коргоосуз, талаада калышат экен.

Буга чейинки "аялдан эри алты кадам алдыга жүрүшү керек, ал ар кандай коркунучтан сактайт" деген түшүнүк жокко чыгарылып, артын карабай башын калкалап качкандар аялдар түгүл ымыркай балдарды талаага таштаганын бүткүл энелер жүрөктөрү сыздап, жүлүндөрү муздап көрүп турушту.

Антип атыккан генералдар жан талашып өлкөсүн таштай качып кеткенде Афганистандын каарман кыз-келиндери курал-жарак алып, Герат шаарын талибдерден коргоого белсенип чыкканын дүйнөлүк басылмалар жарыялап жатат.

Ушундан улам кыз балдарды чүмкөп, эч нерсеге жөндөмсүз, көз каранды, алсыз жанга айландыруунун азыркы чалкеш заманда канчалык зарылдыгы бар экенин коомчулук түшүнө турган жерде", - дейт Рыскулова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости