www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад башталды. Ага президент Владимир Путин менен бирге 20дан ашык мамлекеттин лидерлери катышып жатат.

Парадды Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов кабыл алууда. Ага 11 миңден ашык аскер кызматкери чыкты.

Парадда жаңы үлгүдөгү аскердик техникаларды -34 танкасын, «Тигр-М» бронеавтомобилдерин, «Искандер-М» ракеталык комплекстерин, С-400 абадан коргонуу системаларын, «Ярс» стратегиялык ракеталык комплекстерин көрүүгө болот. Мындан тышкары, парадда батыш техникасынын трофейлик үлгүлөрү да көрсөтүлүшү мүмкүн, деп жазды «Коммерсантъ».

Кызыл аянттагы параддан 13 өлкөнүн: Азербайжан, Вьетнам, Беларусь, Египет, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Мьянма, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери басып өтөт.

Последние новости