www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Биз ушул даңазалуу күнү жоокерлердин теңдешсиз баатырдыгы жана тыл эмгекчилеринин эбегейсиз аракети менен келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргогон көп улуттуу совет элинин улуу эрдигин даңазалайбыз.
Биздин жалпы тарыхыбыздын жана Улуу Жеңиштин элеси, достук жана өз ара колдоо мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү пайдубал катары кызмат кыла берет деп ишенем», - деп айтылат Александр Лукашенконун куттуктоо телеграммасында.