www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурунда саясый ат чабышта бирге барып, ортосунан кара мышык чыга калган бири-бирине талак берген Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин кайрадан кучакташып түшкөн сүрөтү социалдык тармакта каттуу талкууга алынып, эки саясатчы ур-тепкиге калды. Ал го ал, эми Камчы Ташиев Бабанов менен жолуккандан кийин кызуу сөз бир аз токтоду.
Эми соңку жашыруун жаңылыктарга токтололу.
Тунгуч президентибиз Аскар Акаевге Камчы аттуу кыргыз жараны барып жолугуп келиптир деп уктук.
Такталган маалыматтарга таянсак Камчы Жакшылык уулу көп жылдан бери тунгуч президент Аскар Акаев менен жакшы сырдаш. Жаш болуп, Акаевдин акырынан жем жебесе дагы Аскар Акаевдин көңүлүн көтөрүп демине-дем берип, учурдагы өлкөдөгү саясат тууралуу кеңири тынымсыз баарлашып турат.
Кызыгы, Аскар Акаев дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге окшоп жакын-санаалаш досторуна өтө капа экендигин айтып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду жакшы иштеп жаткандыгын сөз кылган.
Андан сырткары Аскар Акаев өзүнүн убагында Өкмөт башчы, учурдагы депутат Кубанычбек Жумалиевге нараазы экендигин айтып, так ушул таптарда карым-катнашын үзгөндүгүн баса белгилеген. Ал эми өзү өстүргөн Темир Сариев жеке кызыкчылыгын ойлогон инсан катары айтып, бир жолу басып келмек тургай сурап койгонгонго жарабады деп айткан Аскар Акаев.
Маалыматтарга караганда Аскар Акаевдин эки арманы бар, бири эки маркум агасына куран окутуп, экинчиси Кыргызстанга бир келип кетсем деген үмүтү чоң экен.
Эске сала кетсек, Аскар Акаевдин агасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында каза болгон. Атамбаев Акаевге Кыргызстанга келип агаларына топурак салганы уруксаат бергени менен ошондогу Башкы прокурор Аида Салянова “Акаев өлкөгө кирип келээри менен камакка алынат”, деп ЖК Кеңештин жыйынында айткан эле.
Булак: NazarNews.kg