www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган.
Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.
Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды.
Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.
Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды.
Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.
Булак: NazarNews.kg