www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов чет өлкөдөн медициналык кароодон өтүшү керек. Бул тууралуу анын жубайы Гүлнара Суталинова Vesti.kg сайтына билдирген.
Анда ал: “Муратка медициналык кароодон өтүү сунушталган. Бирок, ал кароону жүргүзө турган жабдыктар Кыргызстанда жок экен. Ошондуктан, азыр биз мындай заманбап жабдыктар кайсыл өлкөдө жана баасы канча экендигин карап, маалымат топтоп жатабыз. Азырынча кайсыл жакка барып, анализ тапшыра тургандыгыбыз белгилүү боло элек. Учурда ал химиотерапиядан өтүп жатат”, - деген Гүлнара Суталинова.
Мурат Суталиновдун чет элдик клиникаларда медициналык кароодон өтүшү керектигин анын дарыгери Турусбек Абдылдаев дагы тастыктаган.
-Ал мурдагыдай эле дарыланып жатат. Көбүн эсе үйдө болууда. Биз ага медициналык кароо дайындаганбыз, бирок, ал кароо бизде жүргүзүлбөйт.
Белгилүү болгондой, буга чейин Суталинов оор дартка кабылып, боорунун 60 пайызы алынып салынган. Буга байланыштуу ал өткөн жылдын 7-майында абактан бошотулган. Жалпысынан Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылган болчу.
Булак: NazarNews.kg