www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Август айынын башында Ысык-Көлгө эс алууга келген Казакстандын Адалат Джафаров аттуу жаранын Балыкчыдан КРнын ИИМ алдындагы ЖКККББкын атайын ротасынын кызматкерлери (МАИ өкүлдөрү) взводдeн командири, милициянын капитаны Талантбек Карымбаев, лейтенант Мирбек Мамбетбаев, прапорщик Нуркас Ырсалиев токтотуп, сырттан келген конокко "ичип алгансың го" деген шылтоо менен капчыгындагы 1220 сомун, ага кошуп 10 миң теңгесин шыпырып алышат (а негизи туристтик сезон маалында чет элден келген конокторду негизсиз тоспоо жөнүндө ИИМ жетекчилигинин атайын буйругу чыккан).
Адалат Джафаров милициянын отставкадагы офицери катары кыргызстандык кесиптештеринин мындай мамилесине ызалануу менен жөн калбай, береги МАИ кызматкерлеринин кызматтык автономерлерин жазып алып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган. Казак туугандын ызага толгон кайрылуусу кезегинде интернет-сайттарда "дүң" болуп, туристтик сезондогу МАИ кызматкерлеринин "итчилигин" президент дароо көзөмөлгө алганы кабарланган. Чаламандын чак түшүндө чет элден келген туристтерден пара алган МАИдеги взвод башчысы Талант Карымбаев баш болуп, Мирбек Мамбетбаев, Нуркас Ырсалиев өңдүү эргулдарын жетекчилик дароо кызматынан алып, ички иликтөөсүн баштаган. Мындайда жеген нанынан айрылган береги амалдуу МАИчилер жөн жатабы, жетекчиликтин өздөрүнө карата чыккан чечимине макул болбой, коңшу Казакстанга дейре барышып, Адалат Джафаровдон курларын мойнуна салуу менен чөгөлөп кечирим сураган образда ийилишип, тосмо арыз жаздырып алууга жетишкени каңкууланган. Мындан соң кызматына кайтууну көздөшүп, баш калаадагы Октябрь райондук сотуна кайрылышса, Фемида өкүлдөрү булар арыздарын алгач ИИМ алдындагы дисциплинардык комиссияга жолдошу керектигин айтып алакан жайышат. Ишти созбогон жогорудагы үчөө ИИМдеги Султан Жоошбаев башында турган дисциплинардык комиссияга арызданышса, аталган комиссиянын мүчөлөрү береги былыгы башынан ашкан үчөөнү калкалап, МАИ жетекчилигинин аларды кызматтан алган чечимин жокко чыгарып, "баарысын бирдей кызматына коюу менен "сөгүш берүү" жазасын гана колдонуу керек"- дегендей бүтүмгө келишкени эмнеси Кызыктын баары ушул жерде бекен? Казак жараны 3 МАИчи кызылдай акчасын шыпырып алганын кан-какшап айтып жатса, ИИМдеги дисциплинардык комиссия аларды актагандай чечим чыгарып жатканын кандай түшүнөбүз? Же жогорудагы аттары аталган 3 берен комиссия мүчөлөрүнүн "тамагын майлоо" менен өздөрүнө ылайык чечим чыгартып алышканбы? Комиссиянын мындай чечимине эрдемсинген Карымбаев башында турган Мамбетбаев, Ырсалиев биригип, кызматына кайра кайтуу максатында сотко кайрылышканы, ишти Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов карай турганы, алгачкы отурум 4-февралга белгиленгени каңкууланды. Иштин жүрүшүн судья Адамкулов канчалык деңгээлде адилеттүү карайт? Бул анын абийиринен көз каранды. Таң калычтуусу, акча алганы коомчулукка шардана болуп, бет пардалары сыйрылып жатса, ИИМ алдындагы комиссиянын мүчөлөрү кандай негизде МАИ кызматкерлерин актагаганга өтүп жатышат? Учурда ИИМдеги комиссия аркылуу "убактылуу жеңишке жетишкен" Талантбек Карымбаев, Мирбек Мамбетбаев, Нуркас Ырсалиев өңдүү алкымы бузук МАИчилер ушул күндөрү алдыдагы соттук процессти "жайгарышып", алакандарын "ушалоо" менен кызматтарына кайтып келүүнү көздөшүүдө. Кайсы логика менен? Мындай таңгалычтуу көрүнүшкө республикалык МАИ жетекчиси Азамат Исраиловдун кандай жообу бар? Же бу жетекчи дагы береги алкымы бузук кол алдындагы кызматкерлери менен "бармак басты, көз кысты" саясаты аркылуу "ымдашып", президент Жээнбековдун көзөмөлгө алган ишине саботаж жасап жатабы? Президенттик аппарат бул иштен кабардарбы? Сооронбай Шариповичтин көзөмөлгө алган иштерин ИИМдеги Кашкар Жунушалиев башында турган жетекчилер "тебелеп-тепсешсе" деле баары бирби? Биз окуяга сереп салып, ИИМ башчыларын баш, берки алкымы бузук МАИчилерди төш кылып бет пардаларын ачпасак болбой калды. Баарынан кызыгы, жогорудагы биз сөз кылган МАИнин "3 каарманына" жетекчилик тарабынан баштагы кызматынан ылдыйлатылган орундар сунушталса үчөөсү бирдей баш чайкап, "атасынан калган мурасча" баштагы гана кызматына барууну эңсеп жатышканы кандай? Мындайды "уялбагандан өзүң уял" дечү беле?
АРИНА РЫСБАЕВА
Булак: “Майдан.kg”