www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Эх ...качанкыга чейин уланар экен. Ушул "итчилигибизге" чекит коюлса болот эле! Барыбыздын ички туюмубузда эңсегенибиз ошол! Бирок болбой эле кайра...
...Бул эмне, биздин улуттук менталитетибизби!? Кой... анын бетин ары кылсын! Бирок.....Мисалбы?;- Толтура! Мына, Абыке Көбөш, Канчоро менен Күлчоро. ...Болду! Карт тарыхты коюп берки эле, отузунчу жылдардагы биздин "асыл", деген агаларыбыздын бири бирине "бакан ооздук" кылып жатышып, аягында бары жан талсим болушкандыктары дагы, бизге сабак болгон жок го чиркиндики! ...Өткөндөн сабак албай, кайра күчөп келебиз! Калпбы? Анда абдан аң сезимдүү деген акын жазуучуларыбыздын тирешин, "интелегент" деп туу туткан жакшыларыбыздын "жаман" кармаштарын кайда жашырабыз! Дайыма ушулбуз! Бүгүнкү күндө дагы!
..."Кийинкилерибиз",- "Муруңкуларыбызбды" куугунтуктап, жектеп, каматып, айдактап келсек, кайра "Муруңкуларыбыз", - "Кийинкилерибизди" шыбап келебиз!
Сөздүн кыскасы, аңдып эле турабыз! Кичене эле "мүдүрүлө" калса баса калып муштаганга алыбыз жетпесе да ачуу сөздөрүбүз менен "жанчып", "былчылдатып" жатып калабыз! Кармаш, боктомой, сөкмөй, камамай, жалаа жапмай, аңдымай, жамандамай, мына үшүнтүп эле келе жатабыз!
Биздин мындай кармашыбыздан ким Жеңишке жетип, ким жеңилип, Ким утуп, ким утулуп жатат...!? Ойлонуп көрдүкбү...???
... Эч ким жеңген жок! Бизде, кыргызды кыргыз кана жеңип, Кыргызды кыргыз кана утуп келе жатат! Кыргыз менен Кыргыз кана бири бирин атып, соттоп, боктоп келе жатат! Чогулуп алып, өзүбүздү өзүбүз жеңип, өз өнүгүүбүздү өзүбүз тушап жатканыбызды эмнеге сезгибиз келбейт! Баарыбыз кыйынбыз, кыйынсынабыз, тыңсынабыз бирок ушул мезгилге чейин колубуздан, - кармашкандан, тытышкандан башка "КАКА" да келген жок!!! Партиялар кармашы накта Кыргызстанды бөлүп жарып бүттү! Жүз жолу акылдуу болсоң да бийликтин партиясында болбосо анда сен жоксуң! Сен "Ноль" бүттү! Азыркы Биздегидей партиялык системада "оозу жырыктар" кана күн көрө берет! Партиялык демократия деген бизде жок!.
Ошол чыныгы партиялык демократияны билбегендиктен биз бөлүнүп, жарылып, тытышып жатабыз! Бүткүл дүйнө ушул партиялык система менен эле өнүгүп, өсүп, өркүндөп келе жатат го! Бирок бизде кйрадан эле баякы эле Путин айткан "тырмоокторубузду" тебелегенибиз тебелеген!!! Же бизде "тырмооктор" түгөнбөйт, же ошол тырмоокторду "көтөрүп" койгонго бир жан табылбайт!
...Кана Кыргыздын кечиримдүүлүк, айкөлдүк, биримдик деген асыл сапаттары?
Ошолорду издеп көрбөйлүбү!? Балким таап алабыз, ал жакшы адаттар каныбызда бар го!? Келгиле чогуу издейли, Сен мен дебей!
Ощол эми иши кылып, дайыма бийлик, Ажо алмашкан сайын жакшылыктан үмүт артып өзгөрүүлөрдү күтүп калабыз!
Кайран кана биздин үмүттөр... канча жолу өлүп, кайра канча жолу кайра жанды! Мына бүгүн дагы азыр кайрадан ошол бүлбүлдөгөн үмүттүн шооласын тиктеп, Жакшылыктан, Биримдиктен үмүт артып турган кезибиз! Сөздүн кыскасы эми, кудай ошол үмүтүбүздү актай көрсө экен!
Жалгыз тилегибиз ушул!
Мурат Жетимишбаев
Булак: NazarNews.kg