www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мынабу “Бир бол” деген жазуусу бар шапкени кайкалата кийип турган кишини биз Славик деп чакырабыз. Дагы бирөөлөр Вася дейт эмиш. Угушубузга караганда, чыныгы аты таптакыр башка экен. Албетте, кеп анын атында же баш кийиминде эмес, аянычтуу тагдырында. Кийим демекчи, бул байкуш таштандыга ыргытылган, жолго тушуп калган же бирөөлөр берген эски-уску кийимдерди гана кийет, акчасы болсо да жаңысын сатып албайт. Көптөн бери ушундай.
Славикти мен эң алгач мындан 13–15 жыл илгери көргөм.
… Анда жыл жаңырып жаткан мезгил болчу. Ал үстүнө Аяз Атанын формасын кызыл-тазыл кийип, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясы тараптан 100дөй гезит көтөрүп келе жаткан экен. Журүш-турушу шайдоот, сүйлөгөнү тың болчу. Телегейи тегиздей көрүнгөн. Эмичи? Аяз Атанын кийимин киймек кайда-ан! Жайдыр-кыштыр сыртта, мышыктар “мекендеген” жерлерде, айнектери ачык, туш тарабынан муздак аба каптаган кароосуз комоктордо түнөп жатса…
Быйылкы жаңы жылды да сыртта, караңгы жерде жалгыз тосту. Айрым боорукер адамдардын берген тортун жептир. Бирок, элибиз жалаң эле жоомарт адамдардан куралган эмес да. Салабаттуу эле бир адам ошол күнү өзү көмөк көрсөтүүнүн, кайрымдуулук кылуунун ордуна Славиктен акча сурап, арак алдырып ичип, “ойда-а” жыргап баш жазыптыр, чиркин!
Бир кездеги “Аяз Ата”, азыркы селсаяк эмне үчүн аянычтуу тагдырга туш болду? Эми ушуга жооп издейли.
— Киркомстромдо жашаган бир тууган эжем бар, — дейт Славик. — Ошол эжем документтеримди катып бергени алган бойдон жоготуп жибердим деген шылтоо менен кайра бербей койду. Эгер документтерим болсо эле, үйдү талашат деп коркот окшойт. Ал жашап жаткан үйгө менин да тийешем бар. Мени үйдөн айдап чыккан. Ошондон бери ит түнөбөгөн жагымсыз жерлерде жатып жүрөм. Андан көрө, сен милициялардан досуң болсо, ошого айтчы, ал менин эжемди коркутуп, андан документтеримди алып берсин. Эгер ошондой кылса, акысын деле берет элем.
Тилекке каршы, менин милициядан досум жок экен. Жолукканда жылуу учурашкан чала тааныш милиционерлер бар. Алардын эч кимиси менен тыгыз байланышып, сырдашып көрбөпмүн. “Милиция менен дос болбо” деген лакап кулагыма катуу сиңип калса керек.
Ооба, ажалдай ызылдаган түнкү сууктардын далайын баштан кечирип, бирде Ош базарынын үстүндөгү темир жолдун жака белинде айдоочуларга гезит сатып, бирде таштандылардан чогулткан баклашкаларын кимдир бирөөлөргө өткөзүү менен тирилик кылган Славик эптеп өлбөстүн камын көрүүдө. Мен ачкачылыктан өлбөйм, мээнеткечмин, жей турган азыгымды таап алалам, коркконум эле кыштын ызгаар суугу… өлсөм, ушу сууктан өлүп калышым мүмкүн… ар жылы ушул кыштан аман чыксам экен деп тилеп турам деген сөздү көп айтат. “100 граммды” да сууктан коргонуу үчүн тез-тез “кылт” этип турат экен.
Славиктин улуту орус. Демек, оруспу, кыргызбы, дунганбы, же башкасыбы, айтор, Кыргызстандын жараны. Биз ар бир жараныбызга бир тууганыбыздай мамиле жасообуз абзел. Эч кимди кодулабай, бардыгы менен жакшы мамиледе, ынтымакчылыкта жашашыбыз керек. Ошондо гана жергебизге кут конот, берекелүү өлкөгө, туристтер сүйүп келген аймакка айланабыз.
Ал эми менин бул макалам гезит бетине жарыяланып калса, Славикке окшогон карыптардын тагдырына кайдигер карабаган, мээримин төккөн ак көңүл адамдар чыгып калат деген үмүттөмүн.
Булак: "Ачык Сөз"