www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мураталиевдин "мурду" кесилеби?

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев чоң суммадагы каражатты «ап» эттирип койгону ачыкка чыгууда. Айтсак, Талас облустук музыкалык драма театрынын курулушуна президенттик фонддон бөлүнгөн 45 миллион сомдун жарымы жасалма отчеттор менен «кулкунга» куюлганын Мураталиевдин жанында жүргөндөр жар салды. Далил келтирсек, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы юристи Аскар Исабеков: «Имараттын курулушунда ачыктан-ачык мыйзам бузууга жол берилген. Бул боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы учурдагы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев менен талаш-тартыштар болгон. Мисалы, объектини эксплуатацияга берүү 2017-жылдын октябрь айында Атамбаевдин катышуусунда болгонуна карабастан, курулуш башкармалыгы 2018-жылдын май айына чейин отчёт берип жүргөн. Анан да бул жерде баалар өтө жогору болуп көрсөтүлгөн. Маселен, жабдыктарга 7,5 миллион жумшалса, аны орнотуу 25 миллион сомго чыгып кеткен. Мындан тышкары, отчетто январь айында имараттын сыртын жасалгалоого 12 миллион сом коротулганы жазылган. Бирок, биз, таластыктар кышында андай жумуш болгонун көргөн эмеспиз» деп агынан жарылды. Президентибиз жыл башында коррупцияны атынан атагыла деген эле, Мураталиев эми оңбой калар бекен?

Булак: "Де-факто"  

Последние новости