www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хашимдин ишмердүүлүгүн ким токтотот?

Зайналиев Хашим Абдирахманович аттуу элдикдарыгерибиз бар. Мына ошол "дарыгердин" акыркы жасаган "операциясы" дейбизби же ага ооруп келген адам учурда оор абалда реанимацияда. Анын колунан жакында эле жаш аял каза болгонун да айта кетпесек болбойт. Элдик дарыгер 5 жаштагы кызды эмне менен дарылаганы тууралуу эми укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө бермекчи. Ал кичине кыздын оорусун лейкобластуа деп атаган, бул болсо ак кан экендиги белгилүү болду. Учурда кыздын абалы өтө оор. Хашим анын киндиги аркылуу дарылагандыгын айткан. - Ооба бул кыз менде бир жума дарыланып чыкты. Бул күндөрү алхамдулиллах, биз анын мээсине жетип калган бластуладан кутула алдык. Муну пациентибиз да сезген. Баланын тамакка болгон табити көтөрүлө баштаган, андан сырткары ал баса баштаган. Бул тууралуу баланын атасы менен туугандары билишет. Кыздын оозунан кан акпай калгандыгын белгилесек болот - дейт Зайналиев.

Бирок, тилекке каршы, бул кубаныч көпкө созулган жок. Акыркы 3 күндүн эле ичинде кыздын организми кескин түрдө бузулуп, анда гематургия бар экендигин аныкталып, заара менен кошо кан кетип аткандыгы билинди. Ошондой эле, кызда гепатиттин "А" түрү да бар экен. А бул болсо баарына белгилүү болгондой, боордун жана өттүн кескин түрдө чоңоюшуна алып келет. Мындан тышкары, боордун функциясынын бузулушу эки бөйрөктүн жабыркашына алып келет. Гематургиянын жаман жактары мына ушунда. Гематургия менен каршы күрөшүүгө каражаттар бол болгон, бирок ага убакыт керектигин айткан Хашим учурда актанып гана тим болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости