www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттардын коомдук транспортко түшкөнүнөн жалгыз эле Камчыбек Жолдошбаев уялбайт. V чакырылышта депутат болгон Каныбек Осмоналиевди аялдамада автобус күтүп туруп, эл көп автобуска түшүп кеткенин көргөндө Кулов да уялып, ыңгайсыз болгон экен. Ал айдоочусу менен светофорго токтогондо, даражалуу адам болсо да, жөнөкөй жүргөнгө көнүп калган Каныбек Осмоналиевди коомдук транспортко түшүп кеткенин көрөт. Эртеси чакырып, “мындан кийин коомдук транспортко эмес, Жогорку Кеңеш бөлүп берген машинеде эле жүрүңүзчү” дептир. Ошол эле маалда Жогорку Кеңеш бөлүп берген машинени Каныбек Осмоналиевге бербей көбүрөөк минип жүргөн Бактыгул Маматовду да уяткарып, “бар машинеңди минип, бул машинени Каныбек Осмоналиевден талашпа” дептир. Көрсө, V чакырылыштын депутаттары элдин колдоосуна ээ болобуз дешкенби, мамлекеттин эсебинен машина минбейбиз, квартира албайбыз дешип чыккандарын эске алып, эки депутатка бирден машина бөлгөн экен. “Ар Намыс” партиясынан Каныбек Осмоналиев менен бизнесмен Бактыгул Маматовго бир машине бөлүнүптүр. Бактыгул Маматов менчик машинесинин түрү болсо да, Жогорку Кеңештен бөлүнгөн машинаны көпчүлүк учурда минип кетип, Каныбек Осмоналиев жөө калчу экен. Ошондой жөө калган күндөрдүн биринде Кулов көрүп калып, жогоруда жазгандай уялганын, ыңгайсыз болгонун айткан экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости