www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармак бүгүн элдин мүдөсүн жана оюн коомчулука жеткизүүдө зор салымын кошуп келүүдө. Албетте анын оң жана терс жагы бар. Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков да соцтармакта көтөрүлгөн маселелерге көңүл буруп, элдин үнүн угуп, ага карата чара колдонуп келгени кубандырат. Мамлекет, эл, өлкө үчүн күйгөндөрдү эки топко бөлүп карасак болот. Алар чынында иш аркылуу көргөзгөндөр жана сөзү менен гана "патриот" болгондор. Адилет Калыгулов кечээ өзүнүн баракчасында чет элдик байланыш компаниясынан баш тартып, мамлекетибиздин менчиги делген "Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясына өтүү демилгесин көтөрүптүр. Орусча жазылган пикирин биз кыргызчалап берүүнү эп көрдүк.
Ал өз сөзүндө: - "Нур телеком", "Sky Mobile" байланыш операторлорунун колдонуучулары, айына болбоду дегенде 200-300 сомго сүйлөшөсүңөр, туурабы? Эми ошол 300сомду 1млн колдонуучуга көбөйтөлүчү. Бул деген 300млн сом. Же 4 347 826 америка доллары болот экен айына, ал эми жылына 52млн доллардан ашат. "Мамлекеттики делген "Альфа Телеком" компаниясына жапырт өтүүгө эмнеге болбосун. Жогоруда көрсөтүлгөн киреше мамказнанын кошумча кирешеси болмок. Балким мен адашып жаткандырмын, бирок сандардын көлөмү кызыктуу го. Эң негизгиси сүйлөшүүлөрдүн жана интернеттин сапаты башка чет элдик компаниялардан кем калбайт. Сүйлөшүп болсо да мамлекетибизге кошумча жана пайда алып келбейлиби" - деп жазган.
Албетте, эң туура чакырык! Популистик өңүттө айтылган курулай сөздөрдөн реалдуу кадамга өтүп, Адилет Калыгулов белгилегендей "сүйлөшүп болсо да" мамлекетке пайда алып келбейлиби. Статистика боюнча байланыш операторлордун колдонуучулары калктын 6 млн 325 миңин түзөт.
Ал эми Улуттук статистикалык борбордо расмий 5млн 571 миң гана. Бул деген бир эле учурда эки же үч симкарта колдонукчулары бар дегенди билдирет. Демек, "Альфа Телекомдун" 2млн абонентинен тышкары 4миллиону чет элдик компаниянын колдонуучулары деп түшүнсөк болот. Чынында киреше сандары аябай кызыктуу экен.
Булак: NazarNews.kg