www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушунчалык эки жүздүү, кошоматчы, деңгээли плинтустан төмөн саясатчы сөрөйлөр бар. Көбү акчанын күчү, же атасынын кадыры менен бийликке жармашып, адашып саясатка аралашып калышкан. Мына ошолордун көч башында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев турат десек жаңылышпайбыз. Эми бул жигиттин өйдө-төмөн сүйлөгөндөрүн тизмектеп отурсаң кагаз бетти түтпөйт.
Андыктан кечээ жакындагы эле айткандарына токтололу. Төрөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев туурасында: "Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыныз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз», - деп жагалданганы элдин эсинен чыга элек.
Эми болсо: "Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди Акаев, Бакиев деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык", - деп уккан кулакты үркүттү.
Такыр эле «бүтүп» калган тура...
Булак: "Ачык саясат"