www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылганын "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Эл өкүлү өз сөзүндө: «Кылмыш ишин козгоодон баш тартгык» деп айтышты, Бирок Сегизбаев 6 миллион элдин алдында жасалма документги пайдаланган. Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинде "жасалма документти жасоо, пайдалануу"- деп жазылып турат. Ал эми Сегизбаев ошону пайдаланган да», - деп каңырык түтөттү.

Ырасында, Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес болчу. Анткени Абдил мырза президент Жээнбековго таянарын «Белизгейт» маселеси кайрадан көтөрүлгөндө эле ачык билдирген. Бул жагдайды ал: «Президент Жээнбеков менен келечекти талкууладык», - деген сөзү аркылуу, колуңардан эч нерсе келбейт дегенди кыйыткан.

Демек, Шыкмаматов жер муштап, бетин тыткан менен майнап чыкпайт.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости