www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият жана туризм министри Азамат Жамангулов алыс бара албай турган, даремети чектелүү экени билинипт калды. Жаш, билимдүү иштесин деген максат менен министр кылып дайындашты. Албете, ишеним артылып бийик кызматка баргандан кийин жаштардын атын булгабай иштеш милдет. Бирок, бул нерсе жогорку кызматка дайындалганы жаткан жаштардын көбүнүн мээсине жете бербей жатканы чатак.
Дегенибиз, министр Азамат мырза Жогорку Кеңеште туризм маселесине байланыштуу эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бере албай чайналды. Жада калса, буга чейин өзү жетектеген Туризм департаментинин жетекчиси болуп иштегенине карабай Кыргызстанга канча турист келип кеткенин билбей, депутаттардын сынына кабылды. Бир жылда Кыргызстанга 5 жарым миллиондрй турист келип кетээри туурасында айтты эле. Эл өкүлү Исхак Масалиевдин ошонун баары туристпи же иш менен келген, эптеп эле Кыргызстанга кирип чыккандарбы деген суроосуна жооп бере албай какады.
Көрсө кайран эргулдар Кыргызстанга кирип-чыккандардын баарын туристтер деп дүңүнөн урдура беришет тура.
Уят да э-ээй, эң кур дегенде мамлекетибизге канча турист келгени боюнча так цифраны билбей жатканы...
Булак: "Ачык саясат"