www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Качан болсо, чыркырап чындык тарапта болот. Ыйлаган элдин көз жашын аарчыйт. Ок мөндүрдөй жаап жатса, да өзүн тобокелге салып, атпагыла деп элдин алдыңкы сабына чыгат. Жаман көрүп калат деп кооптонбойт. Кандай мезгил болсо да тайманбай өз пикирин айтат. Эч качан кылган ишин милдет кылып кызмат сурабайт. Тоодой ишти бүткөрүп алып, топоюп жүрө берет. Укук коргоочулук иши менен алек болуп, ким жабыр тартса колдойт. Эч качан калп айтпайт. Кылтыйып башын катып отуруп албайт. Үзөңгүлөштөрү да туура эмес иш кылса, ошол замат айтып чыгат. Окуучу балдарды кубанткан “Айданек” деген гезит чыгарып, аяз атага кат жазган балдардын кыялын орундатам деп аяз атанын белегин уюштурат. Мына ушундай иштер менен алек болгон Токтайым Үмөталиева эмгегимди баалагыла деле дебейт. Тескерисинче, мага түшүнгөн жолдошуна ырахмат деп жүрө берет.
Грузияга аял киши президент болду. Токтайым Үмөталиеваны президент кылбасак да, ал бапестеп баккан “Айданекти” жабууга ашыкпай эле койсок кантет.
Токтайым эже эч качан калп айтпайт. Кокус мыйзам бузулса уктабайт. Жакшы санаалашы болсо да ага каршы чыгат.
Булак: NazarNews.kg