www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI-пленардык отуруму өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, бир нече сунуш айтты. 

-- Менин сиздерге сунушум бар. Коомдогу гендердик теңчилдик деген сөздүн ордуна “аял жана эркек” деген сөздү атайын беренеге сунуштасак болот, - деген пикирин айтты Шентоп. 

Мындан тышкары, парламент аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага ТүркПАнын алкагында боордош мамлекеттердин өнөктөштүгүн арттыруу зарылчылыгын кошумчалап, Чолпон-Ата шаарында өтө турган отурумда бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынууда. 

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Мажарстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышып жатат. 

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун басып өткөн  жолу:

Түркиянын көрүнүктүү саясатчысы, учурдагы Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп 1968-жылы 6-августта Текирдагда төрөлгөн. Ал Стамбул университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, андан соң Мармара университетинде магистратура жана докторантурада окуп, илий даража алган.

Шентоп 2002-жылы докторлук, 2005-жылы доцент, 2011-жылы профессорлук наамына ээ болгон. Ал, ошондой эле, Фатих, Малтепе, Ышык, Догуш университеттеринде жана Ыстамбул соода университетинде лекция окуп келген.

Мустафа Шентоп 2011-жылы Адилет жана өнүгүү партиясынан Улуу улуттук жыйынга депутат болуп шайланган. Ал эми 2012-жылдын 30-сентябрында өткөн партиянын 4-съездинде Шентоп партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болуп шайланып, шайлоо өнөктүгү учурунда жооптуу төраганын орун басары кызматын аркалаган.

2015-жылы 30-сентябрда өткөн бешинчи курултайда Шентоп кайра шайланган эмес. Бирок 2016-жылдын июнь айында ал кайрадан парламентке мүчө болгон.
2019-жылдын 24-февралында Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы болуп шайланып, ушул кезге чейин ал кызматты аркалап келет. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости