www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз баюуга шектелген депутат мандатын тапшырат

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мандатын тапшырат. Бул туурасында маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында каралмакчы.

БШКнын маалымат кызматы Аманкулов өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин депутатка УКМК тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Аманкуловдун активдеринин жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашык экени айтылган. Ал мүлктөрүн жашыруу үчүн жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан деп айыпталууда. Атап айтканда соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, үч кеңсе жана төрт турак жай, беш батир, «Каприз» борборундагы коттедж, үч хан сарай жана жогорку өкүлдүк класстагы беш аткаруучу унаа.

Марат Аманкулов жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыр күздөгү парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын лидери болуп катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости