www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек арада жашаган тургундардын пикирин эске алуу зарыл”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.

--“Президенттин эки өлкө ортосундагы мамилелердин жылуулап жатканы бул жакшы көрүнүш. Бирок бул чек ара маселесин чечүүдө эске алуучу бир канча маанилүү жагдай бар. Алсак, чек ара деген бул өтө эмоционалдуу, суверенитет менен байланышкан нерсе. Ошондуктан мындай чечимге бараардан мурун улуттук кызыкчылыктарды так билүү керек. Экинчиден, ошол жерде жашагандардын да пикирин эске алуу зарыл. Негизи эле чек ара маселелери эки мамлекеттин мамилесин аныктоодо негизги көйгөй болуп келет. Бул маселеден улам эки кошуна ортосунда чыр-чатактар тез-тез катталып, адам өмүрүнө зыян келген учурлар да болгон. Мындай жагдай расмий Бишкек менен Ташкенттин жалпы алакасынын чыңалышын шарттаган”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости