www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореяны Түштүк Кореядан айырмалай албаган Тажикстандын саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары Самариддин Ализода ээлеген кызматынан бошотулду. 18-мартта Ализода Тажикстанда вакцинаны колдонууга арналган атайын пресс-конференцияга даярдыксыз келип, социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Мындан улам Самариддин Ализоданы ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өкмөттүн токтомуна президент Эмомали Рахмон кечээ, 31-мартта кол койду.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атын атагысы келбеген булагы билдиргендей, Ализода маалымат жыйынына даярданбагандыгы үчүн кызматтан алынган.

"18-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын пресс-конференцияда Тажикстан AstraZeneca вакцинасын башка өлкөлөрдүн мисалынан улам баш тартууга ниети жок экендиги жарыяланды. Бирок Самариддин Ализода пресс-конференциянын конокторун тааныштырып жатып министрдин орун басары ДСУнун туруктуу өкүлүнүн жана ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлүнүн башчысынын аты-жөнүн эстей албай койгон. Мындан тышкары ал Түштүк Корея менен Түндүк Кореяны чаташтырып, экөөнүн бири-биринен айырмасы жок экенин белгилеген.

Социалдык тармактын колдонуучулары министрдин орун басарын шылдыңдап, журналисттер менен жолугушуудан кийин социалдык тармактардагы мемдердин жана тамашалардын "баатырларына" айландырышты.

Самариддин Ализода өткөн жылдын май айында коронавирус инфекциясына каршы күрөш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. Ал 55 жашта, Ализода медицина илимдеринин доктору, ардактуу профессор", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости