www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2006-жылы жеке менчикке мыйзамсыз негизде 4,2 гектар жер берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2006-жылдын 29-июнунда Бишкек мэриясынын токтому менен 4,2 гектарлык эки участок бириктирилип, мыйзамсыз негизде курулуш компаниясына көп кабаттуу "Салам" турак жай комплексин курууга берилген.

Бирок текшере келгенде аталган жер Советтер Союзу учурунда эле шаардык сейил бак үчүн бөлүнүп, бекитилгени аныкталган. 4,2 гектар жердин баасы 271 миллион сом деп бааланууда.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча каттоого алынды. Октябрь райондук прокуратурасы жерди мамлекеттик менчикке кайтаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости