www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович!

Атаганат, армандуу окуяларга, талкаланган тагдырга, мыйзамсыз жалаага, куру дооматка туш болгон, тагдырдын тамашасына туруштук берип, күнөөсүз түрмөдө өмүрүн өткөрүп жаткан Садыр Жапаровдун ырайым берүү жөнүндө кайрылуусуна мыйзам ченемдүү, көңүл бөлүңүз? Ажолук айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен, Кудай жолунда жүргөн, акыйкатты орнотом, мыйзам менен жашаганды үйрөнөлү деген сөздөрүңүзгө ишенген шайлоочуларыңыздын ой мүдөөсүн, тилегин, талабын орундатыңыз?

Өткөн бийликтин адилетсиз куугунтугу, көз каранды сотторунун айынан мыйзамсыз соттолду. Баланын күйүтүнө чыдабай атасы,энеси өттү. Ал аз келгенсип,тагдырдын сыноосу экен. Баласы Дастандын өлүмү өтө эле ашыкча сыноо болуп кетти. Эч кимди, бул жашоодо балам деп боздотпосун. Бардык нерсени кайталап олтуруунун кереги жок. Сиз билесиз. Садыр Жапаровго өзүнүн кайрылуусунун негизинде ырайым бериңиз? Адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту орноткон, элдин кайгысы, күлкүсү менен бир болгон, калыс Падыша болот деп, көпчүлүгүбүз колдоп, ишенип шайлаганбыз.

Бүгүнкү күндө да жүргүзгөн саясатыңызды ар тараптан колдоп келебиз. Ким болбосун,ар бир жарандын гарантысыз. Конституцияга колуңузду коюп, расмий түрдө ант бергенсиз. Өзүңүз дайым кайталап, эскертип айткандай АНТКА БЕКЕМ БОЛУҢУЗ? АНТТЫ БУЗГАН БОЛБОЙТ - деген сөзүңүз бар. Мыйзам ченемдүү атайын расмый кайрылды. Мыйзам жол берет. Конституциялык укугуздан пайдаланыңыз.

Хандын сөзү эки болбойт.
Айтылган сөз, атылган ок.

Эсиңизде болсо, үч ай мурун, саясый туткундардын катарында, саясый чечимге барып, актаңыз деп, Фейсбук аркылуу кайрылганмын. Тилекке каршы жооп берген жоксуз. Фейсбук аркылуу сизге болгон кайрылуумду пресскатчы, жардамчыларыңыз жеткирсе керек. Өкүнүчтүүсү жооп болбоду.

Азыр сиз үчүн эң ыңгайлуу жол, өзүнүн арызы менен ырайым берүүнү сураганы. Ырайым берүү жөнүндө атайын арыз менен кайрылышса, Конституциялык укугумдан пайдаланып карайм деген сөзүңүз тарыхта жазылып калган. Колуңузда расмий кайрылуу турат. Кырчындай баласын жоготушуп, тагдырлар талкаланып, күнөөсү жок болсо да, үй бүлөөсүн аяп, жок күнөөнү моюнга алып, сизден ырайым сурады. Күнөөсүн мойнуна албай туруп соттолгон Садыр Нургожоевич, аргасыз ушундай кадамга барышы жеңил эмес.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Төмөнкү ырды акыр аягына чейин угуңуз? Мен да ушул ырды угуп, энелик жүрөгүм чыдабай ыйладым. Бала жоготуу кандай азап экендигин сезип келем. Ошондуктан сизге кайра кайрылдым. Колуңузду жүрөгүңүзгө коюп, чечим чыгарыңыз?

Жүрөгүңүз таш боор болсо,талкаланган тагдырларга кайдыгер болсоңуз, жылдап, унчукпай жүрө бериңиз? Мен ойлойм, сиздин жүрөгүңүз оң жооп берет. Коомчулук сиздин адилет чечимиңизди күтүп жатышат.

Сизди терең урматтоо менен коомдук, саясый ишмер, ЖК бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-спикери Нарматова Надира Азимовна.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости