www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда жаңы ачылган ресторандын ашканасында ыйлап, күйөөсү менен сүйлөшүп жаткан кыргызстандык Аселдин видоесу интернетке тарады. Учурда Аселди дүйнө жүзү боюнча моралдык жактан жүздөгөн адамдар колдоп пикир жазышууда.

Аселдин өзүнүн Твиттерге тараткан маалыматына ылайык, ал япониялык жолдошу экөө көптөн бери өздөрү жашаган Япониянын Фукукока шаарында ресторан ачууну кыялданып жүрүшкөн. Ал кыялдары ишке ачып, ресторан ачышкан. Тилекке каршы, баардык жакшы даярдыктарга, соцтармактардан болгон чакырууларга карабай, 29-ноябрь - ачылуу күнү ресторанга эч ким барган эмес.

Видеодо «Бүгүн ресторандын ачылышынын биринчи күнү. Чынын айтайын, эч ким келбеди. Сезимталдуулугум үчүн кечирим сурайм (ыйлаганы – ред.), мен азык-түлүктөр үчүн абдан кейип турам. Баарын үйгө алып кетем, эми буларды кийинки аптага чейин жейбиз. Жылуу сөздөрүңүздөр үчүн рахмат! Муну менен токтоп калбайм, мындан ары да аракетимди уланта берем», - деген Аселдин көз жашын аарчып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми күйөөсү Теру Минагава «Мунун эч кандай коркунучу деле жок, бул болгону башталышы гана, сен албетте, баарын үйрөнүп кетесиң. Качандыр бир мезгилде мен дагы өз бизнесимди баштаганда эч ким келген эмес. Убакыт керек!», - деп сооротконун Асель кошумчалайт аталган баракчада.

Учурда видеону көргөндөрдүн саны бир сутканын ичинде 60 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости