www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Конституциясына: "Кыргыз Республикасында Кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбейт" - деген ченем так жазылууга тийиш. Антпесе бейсалт пенделер, алардын бирикмелери улам көбөйүп, тамыр жайып отуруп акыр-аягы чоң чатакка кирептер болуубуз толук ыктымал, деген пикирин Эмилбек Каптагаев жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталчу алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, 17 күнгө созулат. Маркумдардын 14ү кыргызстандык мигранттар болушкан.

Уюшутуруучу Алтын Капалованын айтымында, аялдардын экономикалык эркиндик темасындагы феминнале кѳргѳзмѳсүндѳ 22 ѳлкѳдѳн 50дѳн ашуун сүрөтчүнүн эмгектери тартууланат. Заманбап искусство менен коштолгон көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болот.

Феминнале гендердик теңсиздиктин, аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган жыйындар менен коштолот.

Феминнале - феминизм жана биеннале деген сөздөрдөн куралган. Феминизм аялдардын теңдиги үчүн күрөштү туюндурат, бианнале - эки жылда бир өтө турган көркөм сүрөт көргөзмөсү.

Кыргыз өкмөтү мамлекетте аялдарга зомбулук көрсөтүү маселеси чоң көйгөй бойдон калып жатканын 25-ноябрда билдирген.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы да башталган, "Азаттык" жазып чыккан.

Тилекке каршы аталган көргөзмөдө кыргызды маскара кылган жана аялдардын ич кийимдери музейге илинип, учурда социалдык тармак дүрбөлөңгө түштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости