www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин учурунда биз үчүн Москва ойлонуп, маселени чечип "Коммунизмге барабыз!" деген күчтүү идеологиясы менен болгон ресурсту бир нукка багыттай алган экен.Ал мезгилдин дурус-буруш жактарын талкууга алуу өзүнчө маселе.

Бүгүнкү кеп оролу Кыргызстандын эгемендик жылдары ичинде биз мамлекеттик идеологиялык багытыбызды ушул күнгө чейин так аныктай албай келатканыбыз жөнүндө ой бөлүшкүм келди. Ооба, Эгемендикке ээ болгон күндөн баштап эле кандай мамлекет курабыз, коомдук-саясий түзүлүшүбүз кандай болмокчу, руханий-идеологиялык жактан таянган баалуулуктар кайсылар..жолду туура тандоо үчүн эмне маселеге өзгөчө басым жасашыбыз керек эле, ушул түйүндүү суроолордун али күнчө жообу такталган жок.

Бизден сурабай эле жогортон, А.Акаевдин учурунан баштап "ачык либералдык демократиялык коом "-деп аталган батышчыл-жөөтчүл жолду элге моюнча кылып тагышты. Бизге бул жол "сүт" бербей тургандыгын ошондо эле айтканбыз.Угушкан эмес. Эми так туташ кризиске кептелгенде, капталдан канжарлар сайылып, арттан жаанын жебелери ышкыра баштаганда гана "ой эмне болуп атат" дей баштадык. Ал эбак эле "пландуу экономика болбойт, баарын либералдаштыргыла, рынок экономикасына өткүлө", "колхоз-совхоздорду жойгула", "завод-фабрикаларды менчиктештиргиле", "элди эмне кыласынар адам укугу деп жашагыла", "төрөсөм койсом өзүм билем, гендердик саясат деген бар" ...деген чаргытма, арамза бөөш, ичтен иритме саясат 28 жылдан бери өз билгенин кылып жатат.

Докем айтмакчы башканы кой өзүбүздүн эле карачечекей "мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздын уул-кыздары" намысыбызды тебелегенге сырткы арам ойлуу идеологдорго шериктеш болуп келаткандыгы кечирилгис көрүнүш болууда. Конкреттүү мисалдарга өтөлү. КРнын көркөм сүрөт музейиндеги жылаңач аялдардын тайраңдап бийлеши эч бир рамкага сыйбайт. Музейдин директору М.Жангарачевны жумуштан алып эле тим болбостон, жоопкерчилигин кароо зарыл. Анан да кечээ эле Казакстан менен Кыргызстандын жеткечилигинин жогорку деңгээлдеги жолугушуусунан кийин казак тараптан манасчы чыгат да, Манастын мекенинен бир манасчы табылбай калганы намыска тийер иш болду. Акыркы жылдары аттан түшпөй, ким бийликке келсе эбин таап Ак үйдө жүргөн Султан палван (С.Раев) деген идеолог бар, эмне иш жасап жүргөнү дайыны жок. Көкүрөк -башында бир нерсе болсо тегерегиндегилерге бир нерсе деп айтат эле да. Маданият тармагын талкалагандардын бири ушул Султан палван. Манасты кытайлар ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүп кеткенин аңдабай калган Маданият министр да ушул С.Раев болгон.Жакшылап изилдесе тарых музейиндеги чуудан да кулагы көрүнүшү мүмкүн, акыркы жылдары сапатсыз орнотулган эстеликтердин орун алышына да түздөн түз күнөлүү.

Азыркы бийликтин маданият, идеологя тармагын тейлеген, ишенген адамы С.Раев болсо жетишкен экенбиз. Султаке менен жеке адамдык мамилем жакшы, жазуучу катары сыйлайм, мамлекеттик ишмер катары чоон "О" койсо болот. Дагы бир конкреттүү мисал Президенттин деңгээлинде Арсланбап маселесин бир канча ирет коомчулук көтөрдүк, Аппаратттын көзөмөлүнө түштү, анын ичинде С.Равге жеке жолугуп да маселенин улуттук маанисин шашпай тушүндурдум, менин көзүмчө тийиштүү тарапка телефон чалган болду, ошол бойдон унутту. Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө сүйлөшкөнбүз...тыптынч эч кандай кыймыл аракет жок. Ушундай адамдар кыргыз мамлекетинин эң маанилүу тармагы болгон идеологяны кантип ордунан жылдырсын!?

Кадыр Кошалиев, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости