www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип төрт бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Бул тууралуу маалыматты https://m.sputnik.kg/ жазып чыкты.
Кечээ, 29-ноябрда, милицияга Ала-Арча айылында адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган укук коргоочулар кечки саат 20.30дар чамасында 46 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө 25-30 жаштар чамасындагы бейтааныш төрт киши кирип кол салганын аныкташкан.
"Медициналык бет кап кийген кишилер үй ээлери каршылык көрсөткөндүктөн 19 жаштагы О.Э. аттуу уулуна бычак сайып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу ооруканадан жан берген. Ал эми кылмышкерлер качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынган.
Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде бүгүн, 30-ноябрда, кылмышка шектелип 19 жаштагы Б.С., 21 жаштагы Р.Б. менен М.Ж. жана 18 жаштагы Ч.Ш. аттуу балдар колго түшкөн.
Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.