www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гапар Айтиев улуттук сүрөт өнөр музейине “Көптөн бери көркөм сүрөт музейине барбай жүргөм. Бүгүн барып ушундай сүрөт да көрүндү. Достор, мен туура эмес деп эсептейм, силер кандай кабыл аласыңар?», деген пикирин Максатбек Казакбаев өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.
Максатбек Казакбаев, ОБОН деген сүрөттү тартып алган. Сүрөттө ОБОН деген сөз жазылып, төрт жоолук салынган кыргыз аялдын колунда таякка койлордун башы сайылган. Ошондой эле сүрөттөн АКШнын белгилерин көрүүгө болот.
Мына кыргыз элим, бири-бирибиз менен тытышып атып, улуттук идеологиябыз жоголуп, улуттук-каада салтыбызды унутуп бара жатабыз. Тилекке каршы акыркы күндөрү "Жашасын кыргыз эли!" эмес, "Камалсын Матраимов" болуп калды. Эсиңе кел кыргыз элим! Кеп, Матраимовдо эмес, бул жөн гана кыргыз элине бүлүк салуу, кеп акырын кыргыз элинин койнуна кирип келе жаткан Батыштын ыплас саясаты!
Бул сүрөт кыргыз элине өтө чоң доо кетирет, аталган музейге чет өлкөдөн көптөгөн коноктор келип турат. Эми сүрөткө маданият министрлиги кандай жооп айтат күтө туралычы же жылаңач болуп аларга бийлеп берелиби?
Булак: NazarNews.kg