www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну Элдик дарыгер, тамырчы, фитотерапевт, Салттуу дарыгерлер ассоциациясынын бүтүрүүчүсү Ташбү Жамиловна өзүнө келген маалыматты авторлугун сактоо менен соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Учурда грипптин мезгили келип, көпчүлүк ар кандай химиялык дары-дармектер менен убара болушууда. Ташбү Жамиловнанын “кимдир бирөөгө пайдасы тийсе кубанычтамын” деген пикирине биз дагы кошулуп, балким чынында эле кайсы бир инсандарыбызга пайдасы тийип калаар деген максатта бул маалыматты оңдоп-түздөбөй сайтыбызга жарыялоону чечтик.

Пияз
Биз кадимки күнүгө колдонуп жүргөн пияздын пайдалуу касиеттери:
Мисирлик (Египет) бир врач өзүнүн соцбаракчасына ушундай деп жазат: Адамдар балдарынын ысытмасы көтөрүлүп жатканын айтып, арызданып келишсе, ачуум келип кетет. Ушуга да врачка уколго, таблеткага чуркайбы? Үйдө пияз бар. Врачка чуркагандын ордуна пиязды колдонушса, натыйжасы эн сонун болмок.
Сөзүм кур болбошу үчүн мен күбө болгон бир окуяны айта кетейин.
Ооруканада ысытмасы түшпөй, өлүм менен алышып жаткан кичинекей небересин чоң энеси көргөнү келип калды.

Баланын абалын көрүп, дароо “бир баш пияз алып келгиле” деп суранды. Алып келген пиязды тең жарымынан экиге бөлүп, баланын эки таманына байлап, байпагын кийгизип жаткызып койду. Эртеси бала эч нерсе болбогондой жапжакшына көзүн ачты, таманынын алдындагы пияз болсо күйүп калган сымал капкара болуп калыптыр.

Дагы бир окуя: 1919-жылы Мисирде катуу грипп каптап, анын айынан 40 миң киши жашоо менен коштошот. Ошондо ал кездеги доктурлар кыштактарды үймө-үй кыдырышып, бейтаптарга жардам беришет. Кыштактардын биринде, айыл чекесинде жашаган дыйкандын үйүнө баш баккан доктурлар таң калышат. Анткени, үйдөгү адамдардын баары грипптен сопсоо жүрүшкөн болчу. Таң калган доктурлар мунун сырын сураганда “мына!” деп кабыгы аарчылбай эле экиге бөлүнүп коюлган пиязды көрсөтөт үй ээси. Үйдүн ар бир бөлмөсүндө ушундай эле пияздар турган болчу. Таң калган доктурлар пиязды алып, микроскоп менен текшерип көрүшсө, пияздын кабаттарында өлүп жаткан миңдеген грипптин микробдорун көрүшөт.

Мындан маалым болгондой, пияз микробдордун баарын өзүнө тартып алат экен да, аларды өлтүрөт. Аябай арзан, оңой. Бирок пайдасы эбегейсиз зор.
Өзүбүздүн эле бут алдыбыздагы күнүмдүк жашообуздагы пайдалуу нерселерге маани бербей анын себебин дарысын башкалардан издей берет экенбиз.
Автор: Бурабия

 

Последние новости