www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылдын 28-январына чейин соттук өндүрүштүн алкагында УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда маалымат таратты.

Сопоковго карата Башкы прокуратура тарабынан төмөнкүдөй айыптар менен сотко чейинки өндүрүштүк тергөө иштери башталды (учурда бул тергөө иштерин жүргүзүү жана уюштурууну УКМКга өткөрүлүп берилген):

- КРнын Кылмыш кодексинин 320-беренеси, 2-бөлүгү боюнча (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), тагыраагы Сопоковго бекитилип берилген номерами «34 СС 2902» дипномурлуу автомашины «Лэнд Ровер – Рэндж Ровер» автоунаасын башка бирөөлөргө мыйзамсыз берүүсү, анын ичинде Түркияда киши колдуу каза болгон А.Саимаитиге; - КРнын Кылмыш кодексинин 323-беренеси, 2-бөлүк, 2-пункт (Мыйзамсыз баюу) – Сопоковдун мыйзамсыз жол менен 200 000 долларга жана 47,6 млн. сомдук кыймылсыз мүлккө ээлик кылуусу; - КРнын Кылмыш кодексинин 320-беренеси, 2-бөлүгү боюнча (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), Сопоковдун кызмат учурунда Стамбулда факт түрүндө жашабаган аялы үчүн 30% акча алып турганы, ошондой эле анын медициналык, өкүлчүлүк үчүн келтирилген жалпы 31 040 доллар чыгашалары үчүн.

Ушул жылдын 11-ноябрында Түркияда атып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун консулдукка тиешелүү 34 CC 2902 номерлүү “Range Rover” автонуаасын 10 миң долларга ижарага алган. Бул тууралуу Sozcu түрк басылмасы маалымат тараткан.

Кытайлык ишкер, Кыргызстандагы миллиондогон доллардын айланасында чууга байланышкан Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы кафелердин биринде күпкүндүзү, элдердин көзүнчө атып кетишкен. Ал эми окуя болгон жерден Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна тиешелүү жогоруда аталган автоунаа табылган. Кийин муну ал кездеги консул Эркин Сопоков түшүндүрүп бере албаганын Тышкы иштер министрлиги билдирип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков 12-ноябрда Сопоковду кызматтан алган.

Ал эми 28-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматына суракка чакырылып, камакка алынган болчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости