www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер ЖК эки жолку депутаты Надира Нарматова, "Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, бардыгың Бакиевдин кадрысыңар, үзөнгүлөш болуп, бирге иштеп, доор сүргөнсүңөр!" деген сын-пикирин билдирди.
--2010-жылы төңкөрүш жасап, мамлекетти талкалап, бүлүндүрүп ушул акыбалга алып келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, кулагыӊарга күмүш сырга! Силер кандай багыт менен иш баштап, мамлекетибизди жарга такап, бычактын мизине коюп койгонуӊар аз келгенсип, дагы эле моокумуңар канбай, жанталашып, элдин башын айлантканды токтотпой жатасыңар! Ар кимиң ар кайсы жерден сороң этип чыга калып, баш айлантма ыплас, арам ойлоруңарды таратып, элге акыл үйрөтүмүш болгонду токтоткула!
Силерге тарых баасын алда качан эле берген. Атыңар тарыхта кара тамга менен жазылып калган. Талкалагыч, бүлүндүргүч, бузуку, мамлекетти карызга батырган адам катары тарыхта каласыңар! Азыр эл силер ойлогондой эмес. Арадан 10 жыл өттү, эл өзгөрдү, өзгөчө карапайым калктын ар биринин өзүнчө көз карашы, пикири бар. Кимдин ким экендигин аңдап алышкан.
Өзүңөрдүн башыңардагы тоодой күнөөнү көргүӊөр келбей, башкалардан күнөө издегенди токтоткула! Кыргыз элине тынчтык керек! Корккон мурун муш көтөрөт болуп, ар кимге жалаа жаап, алардан айып издегениӊерди токтоткула! Абийириңер менен тынч отуруп, башкаларга мүмкүнчүлүк бергиле!
Буга чейин тыңчыкма кыргызымдын жигиттерине жалаа жаап, соттоп, камагансыӊар. Дагы эле болсо аларга тоскоолдук кылып, бут тосуп, талкалаганга аракетиӊер күч. Учурда улуттук лидер боло турган кыргыздын мыкты жигитин таба албай, эл түйшөлүп турат. Ушундай учурдан да пайдаланып, айла кеткенде, өзүңөр каржыланып келген Батыштын (АКШнын) пикирин эгемендүү кыргыз мамлекетинин ичине таасир эттиребиз деген арам оюңарды баштадыңар. Бул жеткен бузукулук!
Бир ай убакыт калды, эл акыл калчап, өз тандоосун жасайт, буйруса. Андыктан, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн акыл-насаатына эл муктаж эмес. Себеби, силер каалагандай он жыл чалчактап, элдин башын айландырдыңар.
Ушул жыл аралыгында, кана мамлекетин өнүктүрүп, өстүрүп, жыргатып жибергениңер?! Тескерисинче, өлкөнү карызга батырып, итке мингиздиӊер. Ушундай ишиӊер үчүн күнөөңөрду мойнуңарга алып, элден кечирим сурашыӊар керек эле. Анткендин ордуна кайра күнөөнү башка жактан издеп жатасыӊар.
Он жыл мурун бийликтен кетип, саясаттан алда качан эле алыстап, өз жашоосун бөтөн эл, бөтөн жерде жүргүзүп жаткан Курманбек Бакиевде эмне күнөө? Күнөө силерде, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү! Эмне силердин колу-бутуңарды Бакиев байлап койду беле? Бардык бийлик силердин колуңарда болду.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, бардыгың Бакиевдин кадрысыңар, үзөнгүлөш болуп бирге иштешкенсиңер, доор сүргөнсүңөр. Бириң премьер, бириң тышкы иштер министри, бириң спикер болгонсуӊар. Орден, медалдарды алгансыӊар. Ушул үчүн Бакиевге ыраазычылык билдиришиӊер керек!
"Бийликке Бакиевдин кадрлары келишти" деп айткандан уялбайсыңарбы! Жүзү каралыктын да чеги болуш керек. Бакиев тууралуу ар нерсени ойлоп чыгып, жан сактоонун жолун издеп атасыӊар. Силердин мөөнөтүңөр бүттү! Батыштан алган тапшырма саясатыңарды мындан ары кыргыз элине таңуулабагыла! Кыргыздын өзүнүн улуттук менталитетине таандык нарк-насил, каада-салты, үрп-адаты бар. Менимче, менин оюмду көпчүлүк туура түшүнүп колдойт деген үмүттө, кыргыздын мекенчил, патриот, мамлекетчил кызы катары өз пикиримди билдирдим. Колдоочулар болсо пикир жазгыла, жакшыларым! - деди, саясатчы, белгилүү саясый ишмер Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg