www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Центерра» баштагыдай кирешеден куру калбаш үчүн бардык айла-амалын жасай баштады», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Нарис Калчаев.
- Канада Кумтөрдү сырттан башкарууга алган Теңиз Бөлтүрүккө кылмыш ишин козгоптур. Эми алар анын колу-бутун кайрыгандын аракетин көрүп жатабы же башка айласы калбаганы үчүн ушул жолго барууга аргасыз болуштубу?
- «Центерра» баштагыдай кирешеден куру калбаш үчүн бардык айла- амалын жасай баштады. Негизи алардын ушундай кадамга бараары күтүлгөн эле жагдай болчу. Бирок, алардын Кумтөр иш канасын басып алды деген дооматы суу кечпейт.
Анткени, алар өздөрү жетекчилиги жана чет жактан келген жумушчулары кумтөрдү таштап баса бергени, муздардын жылганын байкап турган аппараттарды баарын өчүрүп салганы алардын баардык кадамдарына жолто болот. Ошон үчүн алар Теңиз бөлтүрүккө кылмыш ишин козгошту.
Бирок, ошол эле замат «Центерра» компаниясынын башчысы кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө даярбыз деген билдирүү таратышты. Алардын мындай сунушу кийинки багытын аныктайт. Тагыраагы, алар бардыгын жаап-жашырып, сүйлөшүү жолу менен чечели, ымалага келели дегендей белги беришти.
Булак: NazarNews.kg