www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирштейн Кыргызстанга келгенден кийин Чынгыз Айтматов жана баласы Санжар Айтматов аркылуу Акаевдин «тилин» тез эле таап алган. Себеби, Президент Акаев өзүнүн 1991-жылдын октябрь айындагы Указы менен «Кыргызстан-Сиабеко» мамлекеттик-жеке менчик корпорациясын түзөт жана Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана экономиканы өнүктүрүү комитетин уюштурат. Комитеттин төрага кызматына Б. Бирштейнди бекитип, Ак үйдүн 7-кабатынан өзүнүн жанынан атайын кабинет бөлүп берет. Ошону менен бирге «Кыргызстан-Сиабеко» компаниясын Санжар Айтматовго башкартып, салыктардан толук бошотот. Залкар жазуучунун баласына Президент Акаев тарабынан берилген ыйгарым укуктары жөнүндөгү Буйругу эч бир гезитке жарыяланбайт. Сыр бойдон калат.

Ошентип, Швейцариялык шектүү «Сиабеко» фирмасынын филиалы Кыргызстанда ишин баштайт. Бирштейн өзүнүн жан сакчылары, жардамчылары менен Кыргызстанга сапар тартканда, Акаевдин түздөн-түз тапшырмасы боюнча чет өлкөдөн келген Өкмөттүк жогорку даражалуу меймандар үчүн жайыл дасторкон болгон мамлекеттик резиденцияда конок болуп жүргөн.

А. Акаевдин Бирштейнге кеңешчи макамын берген Указы

Андан көп өтпөй Акаев өзүнүн жарлыгы менен «Сиабеконун» вице-президенти Зайне Алпертке Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү соода өкүлүнүн укугун бере салат. Ошентип, Кыргызстандын Президенти башка өлкөлөрдө «мандемдүү» иштери менен шек жараткан, кыргызга али белгисиз чет өлкөнүн жарандарына экономикалык жана тышкы соода саясатын тескеп-калчоону кармата берген. Мындай чечим көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.

Бирштейн деле куру кол келбептир. Президент Акаевдин Канадага атайын иш сапарын уюштуруп, өзүнүн самолёту менен Премьер-министр Т. Чынгышевди баш кылып, министрлерди төш кылып Батыш Европага ташып турган.

«Сиабеконун» вице-президенти Ф. Лихудзаев 1992-жылы 23-октябрдагы буйругу менен Президент Акаевге өзүнүн фирмасынын балансынан кайтарымсыз түрдө төрт «Вольво» автоунаасын бере салган. Бул автоунааларды Президент Акаев Жогорку Кеңеште, «Швейцарияга ташылып кеткен алтындын эсебинен сатып алынган», деп маалымат берген болчу. Көрсө жалган экен. 1993-жылы Бирштейн менен түзүлгөн келишим күчүн жоготкондо, Акаевдин айыбын ачып, жанагы төрт автоунаанын чыгымын төлөп берүүнү талап кылган. А биздин өкмөт аны «кың» дебей төлөп берген.

Бирштейн Кыргыз Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана экономиканы өнүктүрүү комитетинин төрагасы болуп дайындалгандан кийин деле, кыйратып иштеген эмес. Комитеттин алдына коюлган максатын орундатуу үчүн Канададан Чарльз Макмиллан дегенди экономикалык кеңешчи катары чакырат. Канаданын белгилүү «Торонто стар» гезити, «Б. Бирштейн Ч. Макмилланды өзүнө тартып, Кыргыз Өкмөтү менен «мышык-чычкан» ойноп жатат», деп жазган экен ошол учурда. Экономикалык кеңешчи Ч. Макмилландын тез арада Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча экономикалык концепциясы даяр болот. Сунуш кылган документи кыргыздын окумуштуу-экономисттеринин экономикалык программаларынан үзүп-кесип алганын гезиттер тастыктап чыгып, алардын абийирин ачкан.

Эң кызыгы, Бирштейн башкарган комитет «көз жарганы» бир жолу гана чогулуш өткөрүптүр. Ал дагы болгону 30 мүнөткө созулуптур. Ушуну менен комитеттин иши бүтүптүр. Бирок, Б. Бирштейн менен Ч. Макмилландын экономика боюнча иштеп чыккан табышмактуу 19 документине Кыргыз Өкмөтү доллар менен олчойгон акчаларды төлөп беришкенин айтып жүрүшөт. Бул маселе ошол убактагы Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. «Жабылуу аяк, жабылуу бойдон» ушу күнгө чейин келе жатат. Буга жооп берген эч ким болбоду. Бирштейндин «мышык-чычкан» оюну муну менен аяктаган эмес.

Бирштейндин эл аралык бизнес чөйрөсүндө шектүү бизнесмен экенин канадалык ишкерлер деле билээрин, Президент Акаевдин Канадага жасаган иш сапарында жергиликтүү ишкерлер менен эмнеге жолуга албай калганынын себеби бар экен. Кыргызстандын Москвадагы соода-экономикалык өкүлчүлүгүндө көп жылдар иштеген, белгилүү экономист Касым Исаев «Кыргызский Бурбулис и другие. Как разворовывали страну» деген китебинде мына ошол окуяны далилдүү фактылар менен сүрөттөгөн. Анда эмесе китептен үзүндү берүүнү эп көрүп турамын.

Анда, К. Исаев Борис Бирштейн тууралуу минтип эскерет: «Однажды звонит мне упоминавшийся ранее Александр Трошин, тогда уже перешедший на должность первого замминистра экономики России, и говорит: "Касым Исаевич, вот здесь у меня сидит президент одной канадской компании. Он давно, с советских времен, сотрудничает с нами и предоставляет полезные и правдивые сведения. Хотели бы встретиться с вами и поговорить".

Мы встретились втроем. Вот что рассказал глава канадской компании: "Недавно в Канаду прилетал президент Кыргызстана Аскар Акаев на частном самолете "Гольфстрим", принадлежащем господину с очень неблаговидной репутацией в среде международного бизнеса – Борису Бирштейну (он же – Бернштейн). Ваш президент пытался встретиться с канадскими бизнесменами. Но канадские власти дали нам понять, что настоятельно не рекомендуют встречаться и иметь дело с главой государства, связанным с бизнесменом подобного рода. Принято считать, что такой государственный деятель попросту куплен. В международной практике вообще не принято главам государств и правительств летать на частных самолетах. "(Я не удивлюсь, если выяснится, что именно тогда путем таких личных приватных контактов решалась судьба кыргызского золотого месторождения Кумтор. )

В другой раз звонит бывший министр цветной металлургии СССР, первый зампред Госплана СССР и член Совета Министров СССР, депутат Верховного совета СССР в 80-х годах от Киргизской ССР, а ныне вице-президент Международного фонда содействия приватизации и иностранным инвестициям Владимир Дурасов и спрашивает:

– Касым, а кто такой у вас Левитин?

– Главный советник президента Акаева.

– У меня были представители одной американской фирмы во главе с неким Айзеком (Исааком) Шапиро, приглашенные этим господином Левитиным. Едут к вам. Хотят подписать соглаше-
ние, чтобы под залог ваших золотых запасов привлечь необходимые вам иностранные инвестиции. Выспрашивали у меня сведения о ваших золотых месторождениях и запасах. Я им не дал. Пусть и ваши будут с ними осторожны. Очень уж ушлые люди. Подцепят вас каким-нибудь подписанным документом, а потом у вас будут трудности с распоряжением собственными золотыми запасами...

Через полмесяца звонит мне Премьер-министр Чынгышев и сообщает, что на следующий день он прилетает в Москву, из аэропорта сразу поедет в московский офис фирмы "Сеабеко", чтобы встретиться с господином Бирштейном. Мне же он поручил договориться о его встрече с представителями фирмы "Скадден Арпс" во главе с господином Шапиро в 14 часов в нашем посольстве. Речь должна была пойти "о нашем соглашении". Я сразу ответил, что все сделаю, я в курсе. Чынгышев был удивлен: «Откуда вы знаете? Я сообщил о предупреждении Дурасова...» (Булак: К. Исаев, «Кыргызский Бурбулис и другие. Как разворовывали страну» китебинен).

Кайсыл бир документтерге кол коюп, бир нерсеге илешип алсак, өзүбүздүн алтын запасыбызды бөлүштүрүүдө кыйынчылыктар болорун көзү ачыктай эле айткан экен, орус туугандар. «Көзүн май баскан» ошондогу кыргыз бийлиги жеке кызыкчылыктын кумарынан чыга албай калганы өкүнүчтүү.

Акаев Президенттик бийликтен кеткенден кийин Канадалык ишкердин менчик самолетунда сайран курганын унутуп, эски досун өзүнөн оолактатып, Бирштейнди маркум Насирдин Исанов Кыргызстанга алып келген дегендей маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарынан шардана кылган жайы бар.

«Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев:

– Аскар Акаевич, мен укканыма караганда Н. Исанов «Кумтөр» проектисине каршы болгону чынбы? Анткени ал: «...бул алтын кени кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштей турган проект экен» – деп өз жакындарына айткан деген сөздөр айтылып жүрөт? – деген суроосуна А. Акаев:

–  Бул сөздөрдүн баарысы жөө жомок. «Сиабекону» алып келгендердин бири Н. Исанов десем чалкаңардан кетесиңер. Анан бир күнү Москвадан Ч. Айтматовго жолукканын, жазуучу агабыз: «Бир чоң инвестор тапканын, Кыргызстандын пайдасына иштетсеңер пайдалуу болот беле? Алып келсек болобу?» – деп айтыптыр. Мен анда, «Чыңгыз ага айтса, көрөлү» деп койдум. Көрсө, Москвада Ч. Айтматов менен жолугуп, «Сиабеконун» жетекчилиги болуп жакындан таанышыптыр. Москвадан келген соң, «Уруксат берсеңиз, алар менен иштешип көрөлү...» деди Исанов...» – деп, жооп берген (Булак: №15–16, 24.04.2015-ж. «Жаңы Ордо» гезити).

Бирштейнге байланышкан көп жылдан берки ыплас иштердин багытын А. Акаев маркум Исановго буруп жаткан жокпу?

Өлкөнүн башкаруу бийлигинин экинчи адамы Насирдин Исанов авто кырсыктан каза болгондо, негизги күбө катары сурак берүүчү Борис Бирштейн эмне үчүн ошол эле күнү Андижан аркылуу чет өлкөгө учуп кеткен? Исанов менен Бирштейн түштүк тарапка кайсыл кенди көргөнү барган? Мына ушул суроого бүгүн деле жооп таба албай келе-биз...

Исановдун канчалык деңгээлде Бирштейн менен тааныштыгы бар экенин билбеймин, бирок, эл аралык маанидеги «мошенникти» Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов алып келгени баарыбызга маалым. Керек болсо С. Айтматов Б. Бирштейнге тиешелүү «Сиабеко Кыргызстан» ишканасынын директору катары келишимдерге кол коюп жүргөн.

Мына ушул жерде, Ата-Түрк Ала-Тоо эл аралык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Б. А. Игамбердиевдин «Золотой скандал и «золотой» договор: К истокам коррупции в Кыргызстане» деген макаласында Бирштейн менен С. Айтматовго байланышкан кызыктуу фактыларды камтыганын баса белгилегим келет. Макалада Кыргыз Республикасы менен кызматташууга «Сиабеко групп» компаниясынын башчысы Б. Бирштейн демилгечи болгонун айтып, «сверхсрочно» деген сыры ичинде катылган катын (23.09.1991 ж. ) А. Акаевге жибергенин маалымдайт.

 Санжар Айтматов

Ошол катта Б. Бирштейн Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн өзүнүн компаниясынын атынан бир катар сунуштарын билдирет.

Биринчиден, мамлекеттин бардык экономикалык процесстерин, ошондой эле өлкөлөр менен бардык эл аралык соода-сатыкты башкара турган, Кыргызстандын экономикалык органын башкаруучу катары «Кыргыз Республикасынын жогорку экономикалык кеңешин» уюштуруу; экинчиден, Кеңештин курамына мамлекеттин жогорку жетекчилигин, ошондой эле «Сиабеко групп» компаниясынын өкүлдөрүн киргизүү; үчүнчүдөн, ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруучу кеңештин милдетин аныктоо; төртүнчүдөн, «Сиабеко групп» компаниясынын дүйнөнүн ар кайсыл жагында жайгашкан, Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү, Канада, АКШ, Чили жана Япониядагы бөлүмдөрүн, Кыргызстандын атынан экономикалык мүнөздөгү өкүлчүлүк функциясын аткарууга; бешинчиден, Кеңештин ыйгарым укугу Кыргызстандын Президентинин Указы менен аныкталып, мамлекеттин парламенти тарабынан бекитүү сунушу каралган.

Андан ары ушул документте, мамлекетти өнүктүрүүнүн экономикалык программасын чогуу талкуулоо үчүн 1991-жылдын октябрь айынын башында Бишкек шаарында жолугушуу ниетин билдирген. Ошондо Санжар Айтматов Б. Бирштейндин өкүлү болгон.

Байкап көргүлө, Б. Бирштейндин сунушу, анын ар бир пункту А. Акаев тарабынан толугу менен кабыл алынган. Ушул эле макалада, «24 сентября того же года президентом был подписан указ о назначении своим полномочным представителем по особым поручениям С. Айтматова. Данный указ был издан под грифом «Не подлежит опубликованию в печати». В конце 1991 г. А. Акаев своим указом создает при президенте Кыргызской Республики новую структуру – «Комитет по реконструкции и развитию экономики», во главе которого назначает Б. Бирштейна, заместителями становятся С. Айтматов, А. Сарыгулов, а также А. Акаев создает основу для учреждения государственно-частной корпорации «Сиабеко-Кыргызстан»[3], в связи с чем Бирштейну были представлены соответствующие привилегии – филиал компании «Сиабеко» в Кыргызстане полностью освобождался от необходимости платить налоги.» (Булак: «Золотой скандал и «золотой» договор: К истокам коррупции в Кыргызстане» автор Б. А. Игамбердиев, кандидат исторических наук, доцент, Международный университет Ататюрк Алатоо).

Ушул макала Санжар Айтматовдун Бирштейндин жакын адамы экенин тастыктап турат. Басма сөзгө жарыялабаган А. Акаевдин Санжар Айтматов жөнүндөгү Указынын «мандеми» кийин билинди окшойт.

Тилекке каршы, Бирштейндин Кыргызстанга болгон кызыгуусун Өкмөт башчынын өлүмү коштогон кырсык деле токтото алган жок. Н. Исановдун өлүмүнө күбө катары укук коргоо органдарында сурак бергенин уккан-билген жокпуз. Каалаган учурда келип, каалагандай өз ишмердүүлүгүн уланта берди. Айтор, жанында бараткан Кыргызстандын Премьер-министри каза болгонуна Б. Бирштейндин кылы кыйшайган жок.

Б. Бирштейн менен А. Акаевдин жолугушуусунан

Ага чейин кыргыз бийлигине «кылтак» илип, «Макмал алтын» комбинатына инвестиция салымыш болуп, «Кыргызалтын» өндүрүш бирикмеси «Сиабеко Кыргызстан» менен келишим түзөт. Кыргыз Өкмөтү тарабынан Т. Чынгышев, «Кыргызалтындын» атынан Кыдыров, швейцария ишканасынын атынан Б. Бирштейн, «Сиабеко Кыргызстан» компаниясынын атынан Санжар Айтматов кол коюшат. Кызык жери, келишимге швейцария тараптын мөөрү коюлган эмес. «Сиабеко групп» «Макмал» кенине техника, технология жана кызмат көрсөтүү түрүндө 22,5 млн. доллар кредит берүүнү убада кылган. Бирок, эки тараптуу келишимде каралган милдеттенмелердин бири дагы аткарылбаптыр. Бирштейндин компаниясы «Макмал» ишканасына бир цент инвестиция жумшаган эмес. Бул анын «мышык-чычкан» оюнунун бир үзүмү эле. Алдыда көп кызыктарга жолугабыз, окурман. NazarNews маалыматы менен бирге болуңуздар.

Маалымат Кубанычбек Исабеков, "Кумтөр" - акталбаган үмүттөр китебинен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости