www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия АКШ менен стратегиялык өнөктөштүктү калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жазган.

АКШ менен болгон мамилелер тууралуу билдирүү жасаган өкмөт башчысынын айтымында, АКШнын мурунку администрациясы Грузияга карата катуу саясат жүргүзгөн.

«АКШнын мурунку администрациясы бизден өтө оор кадамдарды талап кылып, анын артынан грузин элине жана мамлекетине карата басым, мажбурлоо жана шантаж аракеттери болду. Натыйжада өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга туш болду. Адилетсиздиктен бузулган нерселерди адилеттүү мамиле аркылуу гана оңдоого болот. Биз стратегиялык өнөктөштүктү калыбына келтирүүнүн бардык деталдарын талкуулоого даярбыз», — деди Кобахидзе.

Последние новости