www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи болууга талап күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров «Дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы талаптарга ылайык, элчи жана туруктуу өкүл кызматтарына талапкерлердин дипломатиялык же эл аралык тармакта кеминде 10 жылдык иш тажрыйбасы болушу керек. Өзгөчө учурларда өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын талапкерлиги да каралат.

Мыйзам менен консулдук уставды бекитүү жана мамлекеттик органдардын тышкы саясаттагы өз ара иштешүү тартибин аныктоо укугу президентке берилди. Ошондой эле башкы консулдарды дайындоо тартиби өзгөртүлүп, алар тышкы иштер министри тарабынан президент менен макулдашуу аркылуу дайындалат.

Мындан тышкары, дипломатиялык кызматкерлерди рангынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралып, мыйзам бузган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

Последние новости