www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште мыйзам чыгарууга байланышкан документ жүгүртүү иштерин толук санариптештирүү багытындагы иштер улантылып, бүгүнтөн тарта кабыл алынган мыйзамдар Президенттин кол коюусуна электрондук форматта жөнөтүлө баштады.

Парламенттин маалыматына ылайык, 4-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев кабыл алынган мыйзамга электрондук кол тамгасын коюп, аны Президенттин кароосуна жөнөттү. Муну менен парламентти санариптештирүүнүн кезектеги этабына расмий түрдө старт берилди.

Жаңы тартипке ылайык, мыйзам долбоорлору жана аларга тиркелген бардык коштоочу документтер парламенттин кароосуна электрондук форматта киргизилет. Документтер кабыл алынгандан кийин электрондук кол тамга менен бекитилип, андан соң Президентке жөнөтүлөт.

Бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңештин Регламентине тиешелүү толуктоолор киргизилген.

Мындан тышкары, буга чейин комитет жыйындарына кызыкдар тараптардын онлайн катышуусуна шарт түзүлүп, бул практика туруктуу негизде колдонулууда.

Ошондой эле коомдук кабылдаманын иши да толугу менен санариптештирилип, жарандардын кайрылууларын жасалма интеллекттин жардамы менен электрондук түрдө кабыл алуу механизми ишке киргизилген.

Маалыматта белгиленгендей, көрүлүп жаткан чаралар документ жүгүртүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун арттырууга, документтерди сактоо жана издөө процесстерин жеңилдетүүгө, ошондой эле депутаттар менен жарандардын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Последние новости